Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-апрели № 12
«Лицензиясы бар жеке ишкерлердин Машрап-Сайдан шагыл алуусун токтотуу жана аларга КРдин геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиги тарабынан берилген лицензияларды чакыртып алуу жөнүндө»
Отуз-Адыр айыл өкмөтүн өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Төрөмурзаев Тариэлдин лицензиясы бар жеке ишкерлердин Машрап-Сайдан шагыл алуусун токтотуу жана аларга КРдин геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиги тарабынан берилген лицензияларды чакыртып алуу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Лицензиясы бар жеке ишкерлердин Машрап-Сайдан шагыл алуусу токтотулсун, жеке ишкерлерге Машрап-Сайдан шагыл алуу үчүн берилген лицензиялар КРдин геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиги тарабынан чакыртылып алынсын.
2. Жогорудагы токтомду ишке ашыруу максатында айыл өкмөтү жана айылдык кеңеш тарабынан тиешелүү инстанцияларга кайрылуу каттар жолдонсун.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Т.Туйбаев)
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (С.Алдраков)
Төрага | А. Беделов |