Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-апрели №14
«Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн эсеп счетунда 2016-жылдын 01-январына карата калган 595722,61 сом акча каражатынын эсебинен 2016-жылда аткарылуусу зарыл болгон жумуштарды каржылоо үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө»
2016-жылы Отуз-Адыр айылдык аймагында аткарылуусу зарыл болгон жумуштарды каржылоо максатында айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 01-январына карата Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн эсеп счетунда калган 595722,61 сом акча каражатынын эсебинен
А) Базибай уулу Асанбектин 2015жылдан калган эмгек акысын төлөп берүүгө-38607,00 сом
Соц.фонд эсептөөлөрүн төлөөгө -2519,00 сом
Б) 2015-жылдын декабрь айынын акыркы күндөрү жумуштан бошотулган
пенсионер адистерге эмгек акысын төлөп берүүгө -34200,00 сом
Соц,фонд эсептөөлөрүн төлөөгө -5900,00 сом
В) 2015-жылдагы подоход салыгынан болгон карызды төлөөгө -59219,00 сом
Г) Окуу курстарына барууларды төлөөгө -11000,00 сом
Д) Окуу курстарына барууга сапар чыгымдарын төлөөгө -14000,00 сом
Е) Соттун чечимин аткарууга -80277,61 сом
Ж) Мектептердин имараттарын учурдагы ремонттоого -150000,00 сом
К) Айыл ичиндеги жолдордогу,көпүрөлөрдөгү жазууларды учурдагы оңдоого -200000,00 сом
жыйынтыгы 595722,61 сом бөлүнүп берилсин -595722.61 сом
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн (Т.Туйбаев).
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана
экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын (У.Атабаев).
Төрага | А. Беделов |