Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-апрели №15
«Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн 2016-жылга каралган бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн айылдар боюнча каралган статьяларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»
Айыл аймагынын айылдарында учурда келип чыккан зарыл жумуштардын аткарылышын камсыз кылуу максатында айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн 2016-жылга каралган бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн төмөндөгү айылдар боюнча каралган статьяларына өзгөртүүлөр киргизилсин;
Кыш-Абад айылы боюнча,
А) Кыш-Абад айылынын жолдорун оңдоого бөлүнгөн акча каражатынан – 50,0 миң.сом кемитилсин.
Б) № 102 М.Тешебаев мектебине имаратты учурдагы оңдоого бөлүнгөн акча каражатынан -50,0 миң.сом кемитилсин.
В) Кыш-Абад айылында жаңыдан уюшулуп жаткан балдар бакчасынын имаратын учурдагы оңдоону каржылоого +100,0 миң.сом кошулсун.
Савай-Арык айылы боюнча,
А) Савай-Арык айылынын жолдорун оңдоого бөлүнгөн акча каражатынан -70,0миң.сом кемитилсин.
Б) Савай-Арык айылында жаңыдан уюшулуп жаткан ФАПтын имаратын учурдагы оңдоону каржылоого +70,0 миң.сом кошулсун.
Жаңы-Кызыл-Суу айылы боюнча
А) Жаңы-Кызыл-Суу айылынын жолдорун оңдоого бөлүн гөн акча каражатынан -140,0миң.сом кемитилсин.
Б) Кыш-Абад айылынын жолдорун учурдагы оңдоону каржылоого +70,0миң.сом кошулсун.
В) Савай-Арык айылынын жолдорун учурдагы оңдоону каржылоого +70,0миң.сом кошулсун.
Отуз-Адыр айыл аймагы боюнча;
А) Жалпы Отуз-Адыр айыл аймагынын жолдоруна каралган акча каражатынан -70миң.сом кемитилсин.
Б) Жаңы-Кызыл-Суу айылынын трансформаторун учурдагы оңдоону каржылоого +70,0миң.сом кошулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн (Т.Туйбаев).
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын(У.Атабаев).
Төрага | А. Беделов |