Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-апрели № 17
«Отуз-Адыр айылынын «Зымырык» участкасынын «Ак-Тилек» көчөсүнө трансформатор орнотуу үчүн зарыл болгон иш кагаздарын (тех условие жана проект даярдатуу, съёмка жасатуу, уруксат алуу ж.б) даярдатууга акча каражатын бөлүү жөнүндө»
Отуз-Адыр айылынын «Зымырык» участкасынын «Ак-Тилек» көчөсүнө трансформатор орнотуу иштерин аягына чыгаруу максатында айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн 2016-жылга каралган бюджетинин чыгаша бөлүгүндө көчө чырактарын орнотуу үчүн долбоор даярдатууга бөлүнгөн акча каражатынын эсебинен 35,0 миң сом кемитилсин.
2. Жогорудагы 35,0 миң. сом акча каражаты Отуз-Адыр айылынын «Зымырык » участкасынын Ак-Тилек көчөсүнө трансформатор орнотуу үчүн зарыл болгон иш кагаздарын (тех. условие жана проект даярдатуу, съёмка жасатуу, уруксат алуу ж.б ) даярдатууга кошүлүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн (Т.Туйбаев).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын (У. Атабаев )
Төрага | А. Беделов |