Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-июлу № 1
«Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды айыл өкмөтүнө келишимдин негизинде өткөрүп алуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715-токтомун аткаруу максатында айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнөн статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө өткөрүп алуу жөнүндөгү келишим бекитилсин. (Келишим тиркелет).
2. Жогорудагы келишимдин негизинде иш алып баруу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин (Т.Туйбаев)
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын. (Т.Туйбаев)
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. (С.Алдраков).
Төрага | А. Беделов |