Редакцияот 29.07.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезексиз X сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы)

 

2016-жылдын 29-июлу № 2

«Отуз-Адыр айылдык аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын жаңы курамына мүчөлөрдү сунуштоо жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Мыйзамынын 19-беренесине ылайык Отуз-Адыр айылдык аймагындагы коомчулуктан келип түшкөн протоколдордун негизинде айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Отуз-Адыр айылдык аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине коомчулуктан көрсөтүлгөн мүчөлөрдү бекитип берүү жагы Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.

2. Бул токтомдун бир нускасы Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.(А.Нуритдинова)

 

Төрага

А. Беделов