Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-июлу № 3
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Мамлекеттик каттоо кызматынын жарандардын актылык абалын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө» келишимин бекитип берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекттик каттоо кызматынын жарандардын актылык абалын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндөгү келишими жана регламенти менен таанышып чыгып жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Мамлекеттик каттоо кызматынын жарандардын актылык абалын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укутарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндөгү» келишими бекитилсин.
2. Келишимде көрсөтүлгөн шарттардын аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын. (Т.Туйбаев)
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. (С.Алдраков).
Төрага | А. Беделов |