Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-августу № 2
«Кароосуз трансформаторлор жөнүндө»
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы Туйбаев Таалайбектин 2016-жылдын 6-айында аткарган иштери жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл башчылар айылдардагы кароосуз трансформаторлордун санын тактап чыгышсын жана такталган маалыматты айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырышсын.
2. Такталган кароосуз трансформаторлорду Кара-Суу райондук электр тармактары ишканасына өткөрүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Туйбаевге жүктөлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдын кеңештин төрөгасынын орун басары А.Мурзаевге тапшырылсын.
Төрага | А. Беделов |