Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-августу № 3
«Айылдык оорукананын жана төрөт үйүнүн жабылыш маселеси жөнүндө»
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты Алдраков Сырбектин айылдык оорукананын жана төрөт үйүнүн жабылыш маселеси жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин атынан Отуз-Адыр айылдык ооруканасын жана төрөт үйүн кайрадан ачып берүү суранычы менен Ош облустун саламаттыкты сактоо бөлүмүнө жана саламатыкты сактоо министрлигине кат жолдонсун.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдын кеңештин төрөгасынын орун басары А.Мурзаевге тапшырылсын.
Төрага | А. Беделов |