Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-августу № 5
«Отуз-Адыр айылдык аймагынын «Бирге» коомдук фонду менен 2016-2020-жылдарга иштелип чыккан стратегиялык өнүгүү планы жөнүндө»
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башкы адиси Төрөмурзаев Тариэлдин Отуз-Адыр айылдык аймагынын «Бирге» коомдук фонду менен 2016-2020-жылдарга иштелип чыккан стратегиялык өнүгүү планы аттуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык аймагынын «Бирге» коомдук фонду менен 2016-2020-жылдарга иштелип чыккан стратегиялык өнүгүү планы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин.
2. Жогоруда бекитилген стратегиялык пландын негизинде иш алып баруу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын. (Т.Туйбаев)
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрөгасынын орун басары А.Мурзаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Беделов |