Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-августу № 6
«Кыш-Абад айылына жаңы балдар бакчасын ачуу маселеси жөнүндө»
Айыл аймагынын Кыш-Абад, Казак, Ош-3000, Кожомбак, Савай-Арык, Чоок жана Беш-Кепе айылдарынын тургундарынын Кыш-Абад айылына балдар бакчасын ачып берүү жөнүндөгү арызын карап чыгып жана арызды талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыш-Абад айылына жаңы балдар бакчасынын ачылышына макулдук берилсин.
2. Жаңы балдар бакчасы үчүн № 102 М.Тешебаев орто мектебинин бир канатынын беш бөлмөсү бөлүнүп берилсин.
3. Балдар бакчасын уюштуруу жана жетектөө жагы Токтоназарова Айчүрөккө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Т.Туйбаев)
5. Токтомдун аткарылышына көмөк көрсөтүү жагы Кара-Суу райондук элге билим берүү бүлүмүнөн суралсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Мурзаевге тапшырылсын.
Төрага | А. Беделов |