Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-августу № 7
«Кыш-Абад айылындагы балдар бакчасынын ата-энелер взносу (атайын каражаттары) жөнүндө»
Айыл аймагынын Кыш-Абад,Казак,Ош-3000,Кожомбак,Савай-Арык,Чоок жана Беш-Кепе айылдарынын тургундарынын Кыш-Абад айылындагы балдар бакчасына ай сайын төгүлүүчү ата-энелер взносун (атайын каражаттарын) бекитип берүү жөнүндөгү арызын карап чыгып жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Кыш-Абад айылындагы балдар бакчасына ай сайын ата-энелер тарабынан төгүлүүчү ата-энелер взносу 700 (жети жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кыш-Абад балдар бакчасынын
жетекчиси Токтоназарова Айчүрөккө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (У.Атабаев)
Төрага | А. Беделов |