Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-августу № 8
«Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн 2016-жылга каралган бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн кээ бир статьяларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»
Айыл аймагында учурда келип чыккан зарыл жумуштардын өз убагында аткарылышын камсыз кылуу максатында айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн 2016-жылга каралган бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн төмөндөгү кээ бир статьяларына өзгөртүүлөр киргизилсин;
А) Отуз-Адыр айылындагы маданият үйүнүн имаратын учурдагы оңдоого каралган акчадан -155,0 миң сом кемитилсин.
Б) Савай-Арык айылындагы ФАПтын учурдагы оңдоо иштерин каржылоого -80,0 миң.сом кошулсун.
В) № 102 М.Тешебаев орто мектебинин трансформаторунун учурдагы оңдоо иштерин каржылоого -30,0 миң.сом кошулсун.
Г) «Улуу мурас» кароо конкурсун өткөрүү иштерин каржылоого -45,0 миң.сом кошулсун.
Д) № 102 М.Тешебаев орто мектебинин учурдагы оңдоо иштерине каралган акчадан -100,0 миң.сом кемитилсин.
Е) № 102 М.Тешебаев орто мектебинин балдар бакчасы үчүн бөлүнүп берилген бөлүгүнүн учурдагы оңдоо иштерин каржылоого -100,0 миң сом кошулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айылдык аймагынын өкмөт башчысына жүктөлсүн. (Т.Туйбаев).
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (У.Атабаев).
Төрага | А. Беделов |