Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-августу № 11
«Айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2016-жылдын III кварталында ашыкча аткарылышынын эсебинен 2016-жылдын IV-кварталында аткарылуусу зарыл болгон иштерге акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө»
2016-жылдын IV-кварталында аткарылуусу зарыл болгон иштерди каржылоо максатында айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2016-жылдын III-кварталында ашыкча аткарылышынын эсебинен төмөндөгү аткарылуусу зарыл болгон иштерге акча 215,0 миң. сом акча каражаты бөлүнүп берилсин ;
а) Төрөт үйүнүн учурдагы оңдоо иштерине -150 миң.сом
б) Отуз-Адыр орто мектебинин туалетин тазалатууга -25,0 миң сом
в) Жоош Атабаев орто мектебинин «0» классына телевизор жана килем алып берүүгө -10,0 миң сом
г) Медет Жаманкулов орто мектебине теннис столун сатып алууга -20,0 миң сом
д) Отуз-Адыр байланыш бөлүмүнүн тосмосун бүтүрүүгө -10,0 миң сом
2. Жыйынтыгы: (Эки жүз он беш миң сом 00.тыйын) -215,0 миң сом
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айылдык аймагынын өкмөт башчысына жүктөлсүн. (Т.Туйбаев)
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын(У. Атабаев)
Төрага | А. Беделов |