Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-августу № 13
«Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага алган ижарачылар менен түзүлгөн ижара келишимдерин кайрадан карап чыгуу жөнүндө»
Отуз-Адыр айыл өкмөтү менен ижарачылардын ортосунда кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине түзүлгөн келишимдерди жөнгө салуу максатында айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайра бөлүштүрүү фондунун суулуу жерлерине узак мөөнөткө түзүлгөн келишимдер кайрадан каралып, аталган келишимдер мыйзамга ылайык 5-7 жылдык мөөнөткө түзүлсүн.
2. Кайра бөлүштүрүү фондунун суулуу жерлери үчүн түзүлгөн ижара келишимдеринде көрсөтүлгөн мурдагы баалар эки тараптуу каралып келишимдер кайрадан айылдык кеңеш тарабынан бекитилген 5000( беш миң) сом өлчөмүндө түзүлсүн.
2. Ижарачылар менен сүйлөшүүлөр натыйжа бербеген учурда ижара келишимдери соттун же прокуратуранын кароосуна өткөрүлүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айылдык аймагынын өкмөт башчысына жүктөлсүн. (Т.Туйбаев)
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Мурзаевге тапшырылсын.
Төрага | А. Беделов |