Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-сентябры № 2
«Жарандарга турак-жай куруу үчүн ажыратулуучу жер тилкелерине генералдык план даярдатууга акча каражатын бөлдүртүү жөнүндө»
Айыл аймагынын тургундарынын турак-жай куруу үчүн жер тилкелерине болгон муктаждыктарын чечүү максатында айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын жолдорун оңдоого каралган 1225,0 миң сом акчанын жана өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн акчанын эсебинен жарандарга турак-жай куруу үчүн ажыратылуучу жер тилкелеринин генералдык планынын топосъемкасына 45,0 миң.сом айыл өкмөтү тарабынан бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Т.Туйбаев)
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (У. Атабаев)
Төрага | А. Беделов |