Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-сентябры № 4
«Айыл өкмөтүнүн 5% дык өздүк салымына акча каражатын бөлдүртүү жөнүндө»
«Бирге» коомдук фонду аркылуу каржыланып жаткан иштердин 2016-жылдын IV кварталында аткарылуусун камсыз кылуу максатында айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл өкмөтү тарабынан өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн акчанын эсебинен Отуз-Адыр айылдык аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында «Бирге» коомдук фонду аркылуу каржыланып жаткан 1500,0 миң.сом акча каражатынын 5% ы болуп эсептелген 75,0 миң.сом акча каражаты айыл өкмөтү тарабынан бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айылдык аймагынын өкмөт башчысына жүктөлсүн. (Т.Туйбаев)
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (У. Атабаев)
Төрага | А. Беделов |