Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-ноябры№ 1
«Отуз-Адыр айылдык аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүнүн баштапкы баасын бекитүү жөнүндө»
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Нышанов Сыдыктын «Отуз-Адыр айылдык аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүнүн баштапкы баасын бекитүү жөнүндө» аттуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин баштапкы ижара баасы төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
1-категориядагы 1 га сугат жерге – 5000 сом.
2-категориядагы 1 га шарттуу сугат жерге – 2500 сом.
3-категориядагы 1 га кайракы жерге – 300 сом.
Олтургузулгандыгына 1-10 жыл болгон сугат жердеги 1 га бак үчүн – 3000 сом.
Олтургузулгандыгына 10 жылдан ашкан сугат жердеги 1 га бак үчүн – 6000 сом.
Олтургузулгандыгына 1-10 жыл болгон шарттуу сугат жердеги 1 га бак үчүн – 1500 сом.
Олтургузулгандыгына 10-20 жыл болгон шарттуу сугат жердеги 1 га бак үчүн – 2000 сом.
Олтургузулгандыгына 20 жылдан ашкан шарттуу сугат жердеги 1 га бак үчүн – 2500 сом.
2. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине ижара келишимдерин түзүүдө кемчилдиктерге жол берилгендигине жана инфляциянын темпинин өсүүсүнө байланыштуу 2015-жылдын 17-ноябрына чейин түзүлгөн келишимдер күчүн жоготту деп эсептелип кайрадан түзүлсүн.
3. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине ижара келишимдерин кайрадан түзүүдө ушул токтомдун №1 пунктунда каралган баштапкы ижара баалар сакталсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын (Т. Туйбаев).
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. (У. Атабаев).
Төрага | А. Беделов |