Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-ноябры № 4
Отуз-Адыр айылдык аймагындагы жаңы конушка жаңы аталыш ыйгаруу жөнүндө
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты Адашов Алмаздын Отуз-Адыр айылдык аймагындагы жаңы конушка жаңы аталыш ыйгаруу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык аймагына караштуу Отуз-Адыр айылынын түштүк тарабында жайгашкан жаңы конушка «Кенеш» айылы деген аталыш ыйгарылсын.
2. Ушул токтомду бекитип берүү Кара-Суу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Жогоруда аталган айылга байланышкан иш-кагаздарын даярдоо айылдык кеңештин депутаты Адашов Алмазга тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Т. Туйбаев).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Э. Молдошов).
Төрага | А. Беделов |