Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-ноябры № 5
«Отуз-Адыр айылдык аймагындагы айылдарга айыл статусун берүү жөнүндө»
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты Адашов Алмаздын Отуз-Адыр айылдык аймагындагы айылдарга айыл статусун берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык аймагындагы Беш-Кепе, Чоок, Кожомбак, Казак, Ош-3000, Живпром, Жаңы-Мамажан жана Кеңеш айылдарына айыл статусу берилсин.
2. Ушул токтомду бекитип берүү Кара-Суу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Жогоруда аталган айылдарга айыл статусун берүү боюнча тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо жана ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Т. Туйбаев).
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын (Э. Молдошов).
Төрага | А. Беделов |