Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-ноябры № 7
«Жеке ишкерлердин Машрап-Сайдын шагылын иштетүү боюнча иш-аракеттеринин мыйзамдуулугун карап чыгуу жөнүндө»
Айыл аймагынын Отуз-Адыр айылындагы жеке ишкер Сатыбаев Жылдыздын Машрап-Сайдын шагылын иштетүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеке ишкерлердин Машрап-Сайдын шагылын иштетүү боюнча иш-аракеттеринин мыйзамдуулугу айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы, (А. Адашов) айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси (Т. Базарбаев) жана айыл өкмөтүнүн юристи-башкы адис (Т. Маликов) тарабынан каралып чыгылсын.
2. Жеке ишкерлердин Машрап-Сайдын шагылын иштетүү боюнча иш-аракеттеринин мыйзамдуулугун карап чыгуунун жыйынтыгы жөнүндөгү маалымат айылдык кеңештин кийинки сессиясына билдирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына тапшырылсын. (А. Мурзаев)
Төрага | А. Беделов |