Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-ноябры № 8
«Асилия» балдар бакчасына атайын каражаттын эсебинен (ата-энелер взносу) акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
«Асилия» балдар бакчасынын жетекчиси Джунусова Гүлүкандын «Асилия» бакчасына атайын каражаттын эсебинен (ата-энелер взносу) акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган «Асилия» балдар бакчасына 232,8 миң.сом акча каражаты айыл өкмөтү тарабынан бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы 232,8 миң.сом акча каражатын каржылоо атайын каражат (ата-энелер взносу) статьясынын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн (Т. Туйбаев).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын (У. Атабаев)
Төрага | А. Беделов |