Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-ноябры № 9
«Айыл аймагында атып өлтүрүлгөн ар бир чөө үчүн коюлуучу бааны (тарифти) бекитүү жана атып өлтүрүлгөн чөөлөр үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө»
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн ветинспектору Курбанбаев Осмондун «айыл аймагында атып өлтүрүлгөн ар бир чөө үчүн коюлуучу бааны (тарифти) бекитүү жана атып өлтүрүлгөн чөөлөр үчүн акча каражатын бөлүп берүү» жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагында атып өлтүрүлгөн ар бир чөө үчүн баа (тариф) 1200 (бир миң эки жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Айыл өкмөтү тарабынан иш жүзүндө атып өлтүрүлгөн чөөлөр үчүн акча каражатын бөлүп берүү жана төлөп берүү жүргүзүлсүн.
3. Атып өлтүрүлгөн чөөлөр үчүн акча каражатын төлөп берүү айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2015-жылдын 9-айында пландан ашыкча аткарылышын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн (Т. Туйбаев).
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын (У. Атабаев).
Төрага | А. Беделов |