Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-ноябры № 10
«Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2015-жылдын 9-айында ашыкча аткарылышынын эсебинен 2015-жылда аткарылуусу зарыл болгон жумуштарды каржылоо үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө»
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн финансы - экономика бөлүмүнүн башчысы Камчыбеков Мамасабырдын Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2015-жылдын 9-айында аткарылышы жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2015-жылдын 9-айында ашыкча аткарылышынын эсебинен 2015-жылда аткарылуусу зарыл болгон төмөндөгү жумуштарга 476,5 (төрт жүз жетимиш алты миң беш жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин:
I. а) «Асилия» балдар бакчасына кышка карата көмүр сатып алууга -75,0 миң сом.
б) «Асилия» балдар бакчасына райондук мамкаттоо кызматы тарабынан тех. паспорт даярдатууга -16,0 миң сом.
II. а) Беш-Кепе, Жаңы-Кызыл-Суу жолун оңдоп – түзөө иштерине -230,0 миң сом.
III. а) Отуз-Адыр айылындагы аллеянын чыгыш тарабындагы арыктын жана Б. Татенов көчөсү менен С. Жумашов көчөлөрүнүн кесилишиндеги арыктардын трубаларын алмаштыруу жана шагыл төгүп тегиздөө иштерине -10,0 миң сом.
б) Отуз-Адыр айылдык аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин тактоо иштерине - 25,0 миң сом.
IV а) М. Жаманкулов орто мектебинин чатырынын суу түшүүчү түтүктөрүн, № 2 корпусунун зонтигин жана жогорку дарбазасын жаңыдан жасатып койдуртууга –32,0 миң сом.
Vа) Айыл өкмөтүнүн ажатканасын жаңыдан жасатып койдуртууга – 5,0 миң сом.
VI. а) Отуз-Адыр аймактык милиция бөлүмчөсүнүн имаратын ремонттоого – 40,0 миң сом.
б) Отуз-Адыр аймактык паспорт бөлүмчөсүн ремонттоого – 10,0 миң сом.
VII. а) Кыш-Абад айылындагы ФАПтын имаратынын таза суу түтүктөрүн ремонттоого жана терезе, эшиктерин алмаштырууга. - 8,0 миң сом
VIII. а) Отуз-Адыр айылындагы акыр-чикирлерди тазалатууга. – 10,0 миң сом.
б) Кара-Дөбө айылындагы жана Отуз-Адыр айылынын Багымбай участкасындагы акыр-чикирлерди тазалатууга. – 10,0 миң сом.
в) № 9 М. Тешебаев орто мектебинин чатырын оңдоп-түзөө иштерине - 5,5 миң сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айылдык аймагынын өкмөт башчысына жүктөлсүн. (Т. Туйбаев).
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (У. Атабаев).
Төрага | А. Беделов |