Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-ноябры № 11
«Айыл аймагындагы «кароосуз» трансформаторлорду Кара-Суу РЭТинин балансына өткөрүп берүү жөнүндө»
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Аликулов Таалайбектин айыл аймагындагы кароосуз трансформаторлорду Кара-Суу РЭТинин балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы «кароосуз» трансформаторлорду Кара-Суу РЭТине өткөрүү максатында Кара-Суу РЭТи менен келишим түзүлсүн.
2. «Кароосуз» трансформаторлор кезектеги ремонттон өткөрүлүп андан кийин Кара-Суу РЭТине өткөрүлүп берилсин.
3. «Кароосуз» трансформаторлорду кезектеги ремонттон өткөрүүгө айыл өкмөтү тарабынан иш жүзүндө сарпталганына жараша акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жүктөлсүн. (Т. Аликулов).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына тапшырылсын. (А. Мурзаев).
Төрага | А. Беделов |