Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-ноябры № 13
«Кыш-Абад айылындагы Муратов Мансур көчөсүнүн жарыктандырылуусу жөнүндө»
Айылдык кеңештин депутаты Атабаев Уландын Кыш-Абад айылындагы Муратов Мансур көчөсүнүн жарыктандырылуусу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муратов Мансур көчөсүн жарыктандыруу иштерине тех. условие даярдатылсын жана тех условие даярдатып алуу үчүн айыл өкмөтү тарабынан акча каражаты иш жүзүндө сарпталганына жараша бөлүнүп берилсин.
2. Муратов Мансур көчөсүн жарыктандырууга акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.(Т. Туйбаев).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын (У. Атабаев).
Төрага | А. Беделов |