Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-ноябры № 14
«Паркырабад ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин суу колонкаларынын пайдаланышы жөнүндө»
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты Абдрахманов Батырбектин Паркырабад ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин суу колонкаларынын пайдаланышы жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таза сууну башка максаттар үчүн (мисалы: огород сугаруу ж.б) пайдаланган, үйүндөгү суу колонкасына атайын орнотулган тыгындарды (заглушкаларды) өз алдынча бузган тараптар 3,0 (үч) миң.сом өлчөмүндө штраф төлөөгө милдеттүү.
2. Ушул токтомду аткарбаган таза суу пайдалануучуларга (тараптарга) мыйзам чегинде чаралар көрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу «Паркырабад» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин жетекчилигине жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин депутаты Абдрахманов Батырбекке тапшырылсын.
Төрага | А. Беделов |