Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-ноябры № 15
«Айыл аймагындагы фермердик чарбалардын ишмердүүлүгүн кароо жөнүндө»
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты Адашов Алмаздын айыл аймагындагы фермердик чарбалардын ишмердүүлүгүн кароо жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы фермердик чарбалардын ишмердүүлүгү кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссия тарабынан каралып чыгылсын.
2. Айыл аймагындагы фермердик чарбалардын ишмердүүлүгүн карап чыгуунун жыйынтыгы жөнүндөгү маалымат айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы (А. Адашов) жана айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси С. Нышанов тарабынан даярдалып айылдык кеңештин кийинки (жетинчи) сессиясында билдирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн (Т. Туйбаев).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасына тапшырылсын (А. Беделов).
Төрага | А. Беделов |