Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-ноябры № 17
«Отуз-Адыр айылындагы «Жаштык» маданий-спорт сарайынын административдик бөлүгүнүн биринчи кабатын муниципалдык менчикте турган «Асилия» балдар бакчасынын пайдалануусуна өткөрүп берүү жөнүндө»
«Асилия» балдар бакчасынын жетекчиси Джунусова Гүлүкандын «Жаштык» маданий-спорт сарайынын административдик бөлүгүнүн биринчи кабатын «Асилия» балдар бакчасынын пайдалануусуна өткөрүп берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Отуз-Адыр» айылындагы «Жаштык» маданий-спорт сарайынын биринчи кабаты муниципалдык менчикте турган «Асилия» балдар бакчасынын пайдалануусуна өткөрүлүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн (Т. Туйбаев).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына тапшырылсын (А. Мурзаев)
Төрага | А. Беделов |