Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-январы № 3
“Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүү жөнүндө”
Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу,жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” КР мыйзамынын ,”Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндөгү” КР мыйзамынын, КР Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде ,ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун Уставын жетекчиликке алып, Сакалды айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык кызматтардын 3 кошумча тизмеси бекитилсин :
-Улгайган, аз камсыз болгон,жалгыз бой карыяларды кыш мезгилинде кошумча көмүр менен камсыз кылуу,
-Интеллектуалдык жана спорттук мелдештерге катышкан таланттуу балдарга транспорттук чыгымдарын төлөп берүү.
-Билим тарбия берүү мекемелерине интернет линияларын тартууну колго алуу
2.Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн башчысы М Султановго жүктөлсүн.
Төрага | Т Исмаилов |