Загрузка документа…
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-февралы № 5/3
Конур-Дөбө айыл өкмөтүнүн кеңешинин 2016-жылдын атайын каражаты боюнча бюджетин кароо жөнүндө
2016-жылы Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу № 18 балдар бакчасына ата-энелердин мүчөлүк акыларынан түшкөн акча каражатынын киреше бөлүгүн эске алып Коңур-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Конур-Дөбө айыл өкмөтү боюнча атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасы 480.0 мин сомго бекитилсин.
2. Жыл ичинде ата-энелердин мүчөлүк акысы сметада каралган суммадан ашыкча киреше түшсө, кошумча смета түзүп, чыгаша бөлүгүн иштетүүгө уруксат берүү жагы Алай райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөттүн башчысынын милдетин аткаруучу М. Анарбаевага милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Бегматов |