Загрузка документа…
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-февралы № 5/4
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-январына карата пайдаланылбай калган калдыктын эсебинен 2016-жылдын планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Коңур-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-январына карата пайдаланылбай калган калдыктын эсебинен 1352918 (бир миллион үч жүз элүү эки миң тогуз жүз он сегиз) сом акча каражатын 2016-жылдын сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча киргизилсин.
2. Айылдык кеңештин заседаниесинде талкууланып 1352918 (бир миллион үч жүз элүү эки миң тогуз жүз он сегиз) сом акча каражаты 2016-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча сметасына киргизип берүү жагы райондук финансы бөлүмүнөн суралсын. (расчет тиркелет)
3. Жогорудагы бекитилген толуктоолорду өз максатында чыгымдоо жагын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономика комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Бегматов |