Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-июну № 21
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында жашап жаткан жарандардын турак жайларын айылдын башкы планына кошууга архитектура тарабынан иш кагаздарын бүткөрүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (V шайланган) кезексиз 26 - сессиясынын күн тартибиндеги элдин арызын кароо маселесинин негизинде Ак-Терек айылынын тургундары Исмаилов Абдималик, Исмаилов Акыл,Тобокелдиев Абдыкеримдин жашап жаткан турак жайларын айылдын башкы планына кошууга архитектура тарабынан иш кагаздарын бүткөрүү боюнча маселесин угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Турак жай мыйзамдарына ылайык айыл аймагындагы калктуу пункутта жашап жаткан Ак-Терек айылынын тургундары Исмаилов Абдималик, Исмаилов Акыл,Тобокелдиев Абдыкеримдин жашап жаткан турак жайларын айылдын башкы планына кошууга архитектура тарабынан иш кагаздарын бүткөрүп берүү жагы суралсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Н. Беркмаматовго милдеттендирилсин.
Төрага | С. Курманбеков |