Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-июну № 24-3
КААБнун типтүү уставын бекитүү тууралуу
Кеӊеш айыл аймагында түзүлгөн коомдук алдын-алуу борборунун иштелип чыгылган типтүү уставын окуп жана талкуулап «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 8-жана 17-пунктарына ылайык Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеӊеш айыл аймагында түзүлгөн коомдук алдын-алуу борборунун типтүү уставы жактырылсын жана бекитилсин.(устав тиркелет).
2. Жаӊы жобонун негизинде иш алып баруу жагы коомдук алдын-алуу борборунун мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин мыйзамдуулук, укук, туризм, миграция, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ташматов Т тапшырылсын.
Төрага | Ташбаев М.А. |
Тиркеме
Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставы
1. Жалпы жоболор
1.Коомдук алдын алуу борбору (мындан ары –КААБ) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары-ЖөБО) тарабынан көрсөтүлгөн административдик-аймактык бирдиктердин жана алардын курамына кирген айрым участоктордун,калктуу конуштардын тиешелүү аймактарында укук бузуулардын алдын алууну уюштурууга жана жүргүзүүгө ЖөБО менен жарандардын биргеликте катышуусу максатында тиешелүү административдик аймакта түзүлүүчү комерциялык эмес уюм.
2.Коммерциялык эмес уюмдун толук аталышы
- мамлекеттик тилде «Коомдук алдын алуу борбору коомдук бирикмеси»
- расмий тилде Общественное обьединение Общественно - профилактический центр
Коммерциялык эмес уюмдун кыскартылган аталышы
- мамлекеттик тилде КААБ КБ
- расмий тилде ОО ОПЦ
3.КАБ өз ишин Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын-алуу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына , ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана ушул Уставга ылайык ишке ашырат
4.КАБдын иши мыйзамдуулук, ыктыярдуулук, инсанды урматтоо мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана калк менен өз ара аракеттешүү принциптеринде уюштурулат.
5.КАБ өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү жана штампы бар.
6.Коммерциялык эмес уюмдун юридикалык дареги
7.КАБдын туруктуу иш алып баруучу органынын-Кеңешинин юридикалык дареги
2. КАБдын максаттары жана милдеттери
8.КАБдын максаты ЖөБОнун жергиликтүү коомдоштуктун, жарандык коомдун шаардын, айылдын тиешелүү аймагында жайгашкан. Менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жана мекемелердин күч-аракеттерин мыйзам бузуулардын алдын алууга аныктоого, бөгөт коюуга, аларды жасоого мүмкүндүк берүүгө жагдайларды жоюу, жаран дардын тартибин жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүгө бириктирүү.
9.КАБдын ишинин артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат.
-жалпы алдын алууну камсыз кылуу (социалдык, экономикалык, саясий, укуктук жана башка кылмыштуулукка каршы факторлорду активдүү пайдаланууда мыйзам бузууларга жол бербөө)
-жекече алдын алуу (мыйзам бузууларга бара турган адамдарды аныктоо жана коомго каршы көз караштарды жана көрсөтмөлөрдү жеңүү)
-түздөн-түз алдын алуу (конкреттүү адамдын мыйзамга каршы мамилесинин фактыларына жол бербөө)
-эрте алдын алуу (балдар жана өспүрүмдөр тарабынан мыйзамга каршы аракеттердин жасалышына жол бербөө).
10.КАБдын милдеттери өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт.
-мыйзам бузууларды жана коомго каршы аракеттерди алдын алуу, аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо жана жоюу жолу менен жарандардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзамга каршы аракеттерден коргоону камсыз кылуу.
-мыйзамга каршы жүрүм-турумдагы адамдарга карата жекече алдын алуу аракеттерин көрүү,
-мыйзам бузуулардын алдын алууга багытталган алдын алуучу чараларды көрүү.
-мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана жарандар менен мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча өз ара аракеттешүүнү уюштуруу,
-укуктук билимдерди пропагандалоо,
-жашы жете электердин көзөмөлсүз калуусун алдын алуу боюнча иш-чараларга катышу,
-тиешелүү шаардын, айылдык аймактын жана тиешелүү шаардын, айыл аймагынын курамдарына кирүүчү айрым участоктордун, калктуу конуштардын аймактарында мыйзам бузуулардын абалына жана динамикасына мониторинг жүргүзүү,
-мыйзам бузуулардын алдын алууга тиешелүү мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулоого, тийиштүү сунуштарды даярдоого катышу.
-мыйзам бузуулардын алдын алуу системасын өнүктүрүү боюнча сунуштарды, сунуштамаларды даярдоо,аларга жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн катышуусун активдештирүү,
-өз жыйындарында коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү, мыйзам бузуулардын себептерин жана шарттарын жоюу (нейтралдаштыруу), жарандардын мыйзамга баш ийүүсүнө дем берүү маселелерин кароо жана бул багыттар боюнча мамлекеттик органдар үчүн конкреттүү сунуштамаларды иштеп чыгуу.
11.КАБдын иши тейлеген аймагында кылмыштуулуктун жана мыйзам бузуулардын абалын тандоонун негизинде иштелип чыккан алдын алуу иш-чараларынын планына ылайык ишке ашырылат.
3. КАБдын укуктары жана милдеттери
12.КАБ өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу,
-өзүнүн иши жөнүндө маалыматтарды эркин жайылтууга,
-мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана коомдук бирикмелерде өз укугун, КАБдын мүчөлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого жана билдирүүгө,
-өзүнүн уставдык максаттарын ишке ашырууга тиешеси бар маселелер боюнча демилге менен чыгууга мамлекеттик бийлик органдарына жана ЖөБОлорго сунуштарды киргизүүгө,
-мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден жана кызмат адамдарынан зарыл болгон маалыматты жана материалдарды белгиленген тартипте суроого,
-өз жыйындарына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын жана мекемелерин, уюмдардын кызмат адамдарын коомдук бирикмелердин өкүлдөрүн чакырууга,
-зарыл болгон учурда өз өкүлдөрүн мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн жыйындарга, конференцияларга, семинарларга КАБдын компетенциясына кирген маселелер боюнча катышууга жиберүүгө,
-тейлеген аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин, коммерциялык түзүмдөрдүн жетекчилери менен укуктук тартипти чыңдоо маселелери боюнча кызматташууга,
-мамлекеттик жана жеке уюмдар, жеке иштер менен келишимдик мамилелерди түзүүгө. КАБдын ишинин максаттарына шайкеш келген жана Кыргыз Републикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш аракеттерди жасоого,
-жалпы максаттарга жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында ассоциацияларды жана бирикмелерди түзүүгө, ички жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга, грантарды жана башка трансферттерди, анын ичинде чет өлкөлүк уюмдардан жана мекемелерден алуу максатында укук бузуулардын алдын ала маселелери боюнча программалардын ар түрдүү долбоорлорун иштеп чыгууга.
13. КАБ төмөнкүлөргө милдеттүү.
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдары өз ишинин чөйрөсүнө тиешеси бар эл аралык укуктун жалпыга тааныш принциптерин жана ченемдерин , ошондой эле ушул уставда жана башка уюмдаштыруучу документтерде каралган ченемдерди сактоого.
-дайыма, жылына бирден кем эмес жолу жергиликтүү коомдоштуктун, жергиликтүү кеңештин жана тиешелүү деңгээлдеги укук коргоо органдарынын координациялык кеңешменин алдында мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча өз иши жөнүндө отчет берүүгө,
-мыйзам бузу фактылары жөнүндө ички иштер органдарына (мындан ары –ИИО) маалымдоого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүүгө,
-коомдук бирикмелерди каттаган органдын суроо-талабы боюнча КАБдын жетектөөчү органдарынын жана кызмат адамдарынын чечимдери менен документтерди берүүгө,
-жарым жылдыктын жана жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзүнүн иши жөнүндө дайыма маалымат берүүгө,
-тиешелүү мамлекеттик органдарга ченемдик укуктук актыларда белгиленген мөөнөттө жана тартипте тийиштүү маалыматтарды жана отчетторду өз убагында берүүгө
-жалпыга маалымдоо кражаттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын сайты аркылуу коомчулукка к
КАБдын иши жөнундө мезгил мезгили менен маалымдап турууга
-КАБдын кадыр-баркы жана имиджи жөнүндө кам көрүүгө. анын идеяларын пропогандалоого.
4. КАБдын мүчолорүнүн укуктары жана милдеттери
14. КАБдын мүчөлүк ыктыярдуу негизде. жеке жана (же) жамааттык кайрылуунун негизинде ишке ашырылат.
15. Ошол шаарда, айылдык аймакта туруктуу жашаган же иштеген жарандары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, ИИОнун кызматкерлери , ИИОнун жана эмгектин ардагерлери , аксакалдар сотторунун аялдар жана жаштар кенешинин, комерсиялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле ишканалардын, окуу жайлардын жетекчилери,айылдык,шардык кеңештердин депутаттары, кварталдык.турак-жай комитеттеринин, кондоминиумдардын төрагалары жана өзүнүн моралдык-иштиктүү сапттары боюнча коомдук тартипти коргоо милдеттерин ийгиликтүү аткаруу жөндөмдүү жарандар КАБдын мүчөлөрү боло алышат 16. КАБдын мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууда мамлекеттин коргоосунда болушат .Алардын кол тийбестиги, ар-намысы жана кадыр-баркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартибте корголот.
17. КАБдын мүчөлөрү бирдей укукка ээ болушат жана бирдей милдеттерди аткарышат.
18.КАБдын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу.
-жалпы чогулуштарга катышууга.
-КАБдын жетектөөчү жана контролдоочу-ревизиялык органдарына шайлоого жана шайланууга.
-КАБга анын иши менен байланышкан маселелер боюнча сунуштарды киргизүүгө.
-КАБдын пландалган иш-чаралары жөнүндө маалымат алууга.
-КАБ тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга катышууга .
19. КАБдын мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү.
-КАБдын Уставын сактоого .
-КАБдын ишине катышууга.
-КАБдын жетектөөчү органдарынын чечимдерин аткарууга.
-КАБдын тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга, жалпы чогулуштарга катышууга.
20.КАБдын мүчөлүк төмөнкү учурларда токтотулат
-жеке арызынын негизинде,
-КАБдын жетектөөчү органынын чечиминин негизинде
КАБдын мүчөлөлүгүнөн чыгаруу,
-КАБдын мүчөсү каза болгондо,
-КАБдын мүчөсү ден-соолугунун абалы боюнча өз милдеттерин аткарууга жөдөмсүз болгондо
-КАБдын мүчөсү ишке жөндөмсүз деп таанылган учурда ,
21.КАБдан чыгаруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт
-ушул Уставдын талаптарын бузганда,
-жарандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүчү жоосундарды жасаганда,
-КАБдын ишине үч жолунан ашык катышуудан баш тартканда .
5. КАБдын жетектөөчү органдары жана алар тарабынан каралуучу маселелер
22.КАБдын жогорку органы болуп жалпы чогулуш эсептелет.
23. Жалпы чогулуш эгерде, чечим кабыл алууга анын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмеси, ал эми коомдук бирикменин 100дөн ашуун мүчөсү болгон учурда -25 мүчөсүнөн кем эмеси катышса кворумга ээ болот.
24.Жалпы чогулуштун өзгөчө компотенсиясын төмөнкү маселелер түзөт
-Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.
-КАБдын ишинин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, анын мүлкүн пайдалануу тартиби,
-коомдук бирикменин мүчөлөрүн кабыл алуу же андан чыгаруу (эгерде уставда башкача белгиленбесе)
-башкаруу органдарын түзүү тартиби,
-иши жөнүндө жылдык отчетту жана жылдык балансты бекитүү,
-кайра уюштуруу жана жоюу,
-башка маселелер,
25.КАБ жалпы чогулуштун жыйындарын өткөрүү жана мүчөлөрдү кат жүзүндө сурамжылоо менен чечим чыгарышы мүмкүн.
26. КАБдын жалпы чогулушу зарылдыкка жараша, бирок жылына бирден кем эмес жолу чогулат.
27.КАБдын туруктуу иш алып баруучу органы болуп КАБдын Кенеши (мындан ары –Кенеш ) саналат , ал КАБдын жалпы чогулушуна жана ЖОБОго отчет берип турат.
28.Кенештин курамы ЖӨБдүн аткаруучу органын сунушу боюнча жергиликтүү кеңештин чечими менен 2 жарым жылдык мөөнөткө бекитилет.
29.Кенештин курамына уюмдардын, мекемелердин , окуу жайларынын жетекчилери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, ЖӨБдүн аткаруучу органынын жооптуу кызматкерлери, кондоминиумдардын, балдар иштери боюнча комиссиялардын өкүлдөрү, ИИОнун жана башка укук коргоо органдарынын, коомдук бирикмелердин, жергиликтүү коомдоштуктун , КАБдын мүчөлөрү болуп саналган жарандык коомдун өкүлдөрү кире алышат.
30. Кеңештин чечими Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
31.Кеңештин компетенсиясына төмөнкүлөр кирет.
-төраганы, анын орун басарын жана жоопту катчыны шайлоо,
-мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча иштердин программаларын бекитүү жана ишке ашыруу,
-Кеңештин пландарын жана иш-чараларын бекитүү,
-ЖОБОнун жана КАБдын жалпы чогулушунун чечими менен аныкталган милдеттерди ишке ашыруу,
-Кеңештин пландарын жана иш-чараларын бекитүү,
-ЖОБОнун жана КАБдын жалпы чогулушунун чечими менен аныкталган милдеттерди ишке ашыруу,
-КАБдын мүчөлүгүнө кабыл алуу жана КАБдын мүчөлүгүнөн чыгаруу,
-мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелерин жана башка социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө активдүү катышкан жарандарды, ЖОБОнун локалдык актылары менен киргизилген, ушул Уставда каршы келбеген башка маселелер.
32.Кеңеш коомдук башталышта иш алып барат. Кеңеш Кеңештин төрагасы, ал эми жок учурда Кеңештин төрагасынын орун басары жетекчилик кылат.
33.КАБдын Кеңешинин төрагасынын компотенсиясына төмөмөнкү мселелер кирет.
-КАБдын жашы чогулушунун чечимдеринин аткарылышын контролдоонун уюуштуруу,
-баардык мамлекеттик, жеке, коомдук уюмдарда жана бирикмелерде КАБдын атынан ишеним катсыз чыгуу,
-келишимдерди, макулдашууларды түзүү жана аларды бузу,
-банктарда эсептерди ачуу жана КАБдын каражаттарын тескөө,
-КАБдын жалпы чогулушунун. Кеңештин өзгөчө компотенсиясына кирбеген башка ыйгарым укуктар.
34. Кеңештин ишин уюуштуруучулук камсыздоону Кеңештин жоопту катчысы ишке ашырат,
35. Кеңештин чечими менен анын ишинин артыкчылыктуу багыттары боюнча Кеңештин жыйындарына материалдарды жана сунуштарды даярдоо, башка маселелерди чечүү үчүн туруктуу жана убактылуу жумушчу топтор жана сексциялар түзүлүшү мүмкүн, алардын иштерин Кеңештин мүчөлөрү жетекчилик кылышат.
36. Кеңештин жыйыны кварталда бирден кем эмес жолу өткөлүлөт.
Зарыл болгон учурда Кеңештин кезексиз жыйындарды өткөрүлүшү мүмкүн.
37. Кеңештин жыйынынын Кеңештин төрагасы , ал эми ал жок учурда Кеңештин төрагасынын орун басары алып барат.
38. Кеңештин жыйыны эгерде, ага Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса укуктуу деп саналат.
39. Кеңештин чечими жыйынга катышкан Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет, ага Кеңештин төрагасы же болбосо жыйынга төрагалык кылган адам кол коет.
40. Кеңештин чечими сунуштама мүнөзүнө ээ. Кеңештин кабыл алынган чечимдери, сунуштары, сунуштамалары жөнүндө маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттары, коммунактивдүү байланыш аркылуу бийлик бийлик органдарына, коомчулукка жеткирилет.
6. КАБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби.
41. КАБдын кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү КАБдын жалпы чогулушунун чечими же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча жана тартипте соттун чечими менен ишке ашырылат.
42.КАБды кайра уюуштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим жалпы чогулушка катышкан КАБдын мүчөлөрүнүн 2\3төн кем эмес добушу менен кабыл алынат.
43.КАБдын Уставындагы баардык өзгөртүүлөрдү жана толуктоолор мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого тийиш жана ошол катталган учурдан тартиып юридикалык күчкө ээ болот.
44.Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү жазуулар киргизилген учурдан тартып КАБ өз ишин токтотту деп саналат.
жооптуу катчы: Шадыбекова А.П.