Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-июну № 24-5
Өздөштүрүү үчүн берилген жерлердин келишимдерин карап берүү жөнүндө
Ак-терек айылындагы өздөштүрүүгө (көрктөндүрүүгө) берилген жерлердин ижара мөөнөтү, келишимдин мазмуну жана шарты тууралуу маселени угуп жана талкуулап. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 1-пунктуна жана 6-бөлүмүнүн 47-беренесинин 7-пунктуна таянып Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-терек айылындагы өздөштүрүүгө (көрктөндүрүүгө) берилген жерлердин ижара мөөнөтү беш жылдан өтпөсүн жана менчикке берилбестен айыл өкмөтүнүн карамагында калтырылсын.
2. Ижара акы жердин шартына жараша белгиленсин жана көрктөндүрүү үчүн алынган жерлердин ижара акысы бак-дарактар жетилгенде жогоруласын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ташбаев М.А. |