Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-июну № 24-6
Дары-булак айылына өзүнчө “Айыл” деген сатус берүү жөнүндө
Айыл аймагындагы Шаӊкол айылына караштуу Дары-булак айылы айыл аймагынын борборунан 6-7 км аралыкта жана калкынын саны 2 миӊден ашык болгондуктан бул жерде жашаган калктын суроо-талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 9-пунктуна жана 6-бөлүмүнүн 47-беренесинин 10-пунктуна таянып Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дары-булак айылынын жашоочуларынын суроо-талаптары канаттандырылсын.
2. Дары-булак айылынын калкынын саны көп болгондуктан, айыл өкмөтүнөн 6-7 км алыстыкта жайгашкандыгын эске алуу менен өзүнчө “айыл” деген статус берүү жагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинен суралсын.
3. “Айыл” деген статус алууга керектүү документтерди даярдап Ноокат райондук администрациясына жөнөтүү жагы айыл башчысы А.Жамгырчыевке жана айылдын депутаттары Т.Ташматовко, Бекенбаев А тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин социалдык, маданий, билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Анарбай уулу Амирбекке тапшырылсын.
Төрага | Ташбаев М.А. |