Редакцияот 25.06.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы

 

2016-жылдын 25-июну № 24-7

Бату айылчасына өзүнчө “Айыл” деген сатус берүү жөнүндө

Айыл аймагындагы Арбын айылына караштуу Бату айылчасы айыл аймагынын борборунан 4-6 км аралыкта жана калкынын саны 1,5 миӊден ашык болгондуктан бул жерде жашаган калктын суроо-талаптарын канаттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 9-пунктуна жана 6-бөлүмүнүн 47-беренесинин 10-пунктуна таянып Кеңеш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бату айылчасынын жашоочуларынын суроо-талаптары канаттандырылсын.

2. Бату айылчасынын калкынын саны көп болгондуктан, айыл өкмөтүнөн 4-6 км алыстыкта жайгашкандыгын эске алуу менен өзүнчө “айыл” деген статус берүү жагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинен суралсын.

3. “Айыл” деген статус алууга керектүү документтерди даярдап Ноокат райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүү жагы айыл башчысы А.Кадыровко жана айылдын депутаттары К.Адиевке жана Г.Ысаковага тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин социалдык, маданий, билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Анарбай уулу Амирбекке тапшырылсын.

 

Төрага

Ташбаев М.А.