Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-июну № 24-9
«Беккер» чункурун казууга уруксат берүү тууралуу
Куу-майдан айылынын чет жагындагы элден обочо турган № 2-контурдагы 0,10 га таштактуу жайыт жердеги эски чункурдун ордуна ит-мышыктардын ж.б.жандыктардын өлүгүн өрттөп көмүү үчүн «Беккер» чункурун казууга уруксат берүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 3-бөлүмүнүн 18-беренесинин 11-15-пунктарына, 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 17-пунктуна жана 6-бөлүмүнүн 47-беренесинин 10-пунктуна таянып кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куу-майдан айылынын чет жагындагы элден обочо турган № 2-контурдагы 0,10 га таштактуу жайыт жердеги эски чункурдун ордуна ит-мышыктардын ж.б.жандыктардын өлүгүн өрттөп көмүү үчүн «Беккер» чункурун казууга уруксат берилсин.
2. «Беккер» чункурун бардык талаптарга жооп бергидей шартта казуу жагы жер адисине, вет.врачка жана айыл башчыга милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ташбаев М.А. |