Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-июлу № 25-3
Чегеден айылындагы "Ак-чабуу-Нуру" балдар бакчасын ачуу тууралуу
Чегеден айылындагы "Ак-чабуу-Нуру" балдар бакчасынын кызматкерлеринин эмгек акысын республикалык бюджеттен каржылоого өткөрүү тууралуу Чегеден айылынын жашоочуларынын суроо-талаптарын канаттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 18-беренесинин 20-пунктуна таянып Кенеш айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чегеден айылынын жашоочуларынын суроо-талаптары канаттандырылып, Чегеден айылында балдар бакчасынын ачылышына уруксат берилсин.
2. "Ак-чабуу-Нуру" балдар бакчасынын ачылышына байланышкан иш-кагаздарын даярдоо Абдылда кызы Кларага тапшырылсын.
3. Кеңеш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен "Ак-чабуу-Нуру" балдар бакчасына айылдык кеңештин сессиясында каралган 40.000 сом акча каражатын 2016-жылдын 01-сентябрынан комуналдык кызмат көрсөтүүлөрүнө бөлүп берүү жагы ФЭБнүн башчысы А.Мадраимовко тапшырылсын.
4. "Ак-чабуу-Нуру" балдар бакчасын кызматкерлеринин эмгек акысын республикалык каржылоого өткөрүү тууралуу маселени жогорку органдарга кат жөнөтүп чечүү Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык,маданий,билим берүү,миграция жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Анарбек уулу А. тапшырылсын.
Төрага | Ташбаев М.А. |