Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-июлу № 25-5
Айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн алдына жаштар эс алуучу аллея багын жасоого уруксат берүү тууралуу
Кеңеш айылдык кеңешинин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу, жерлерди ижарага берүү боюнча конкурстарды өткөрүү боюнча комиссиянын Айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн алды жагына жаштар, келген коноктор эс ала турган аллея багын жасоо боюнча чечимин угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 18-беренесинин 20-пунктуна таянып кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айылдык кеңешинин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу, жерлерди ижарага берүү боюнча конкурстарды өткөрүү боюнча комиссиянын айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн алды жагына жаштар, келген коноктор эс ала турган аллея багын жасоо боюнча чечими жактырылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн алды жагына жаштар, келген коноктор эс ала турган аллея багын жасоо боюнча керектүү иш-кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жаштар жана спорт тармагын тейлеген башкы адиси Ж.Исаевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык,маданий,билим берүү,миграция жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Анарбек уулу А. тапшырылсын
Төрага | Ташбаев М.А. |