Загрузка документа…
ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-августу № 1
«Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын III кварталына түзүлгөн бюджетинин сметасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү 2015-жылга түзүлгөн киреше жана чыгаша бюджетинин сметасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын орун басары К. Таджибаевтин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Талдуу-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бекитилген сметасынын III кварталына каралган 70111-«Аткаруу жана мыйызам чыгаруучу орган» бөлүмүнүн, 2215-«Башка кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө» статьясынан 25,0 (Жыйырма беш)миң сомго, 2222-«Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу» статьясынан 15,0 (Он беш) миң сомго, 3111-«Имараттар жана курулуштар» статьясынан 25,0 (Жыйырма беш) миң сомго, 70921-«Орто билим берүү» бөлүмүнүн, 2214-«Транспортук кызмат көрсөтүүлөр» статьясынан 32,1 (Отуз эки миң бир жуз) миң сомго, 3111-«Имараттар жана курулуштар» статьясынан 7,9 (Жети миң тогуз жүз ) миң сомго , баардыгы болуп 105,0 (Бир жүз беш) миң сомго кыскартылсын.
2. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бекитилген сметасынын III кварталына 70111-«Аткаруу жана мыйызам чыгаруучу орган» бөлүмүнүн 2211-«Сапар чыгымы» статьясына 15,0 (Он беш) миң сом, 2212-«Байланыш кызмат көрсөтүү» статьясына 10 (Он) миң сом , 2221-«Мулкту учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар» статьясынан 30,0 (Отуз ) миң сом, 3112-«Машиналар жана жабдуулар» статьясына 10,0 (Он) миң сом, 70921-«Орто билим беүү» бөлүмүнүн, 2221-«Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар» статьясынан 40,0 (Кырк ) миң сом, баардыгы болуп 105,0 (Бир жуз беш)миң сомго көбөйтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын орун басары К.Таджибаевке жүктөлсүн.
Төрага | Б. Матишев |