Загрузка документа…
ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-августу № 2
«Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн 2015-жылга түзүлгөн атайын каражат эсебинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсебинен 2015-жылдын III кварталына 794367 (жети жүз токсон торт миң үч жүз алтымыш жети) сом киреше кириштелиши боюнча Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн ФЭБ нун башчысынын орун басары К. Таджибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Талдуу-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн айымагындагы «Кыргоо» айылына «Ден соолук көйгөйлөрү боюнча жамааттардын аракеттери» (ДКЖА) фондусунан каржыланган таза суу долборуна жактырылсын.
2. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсебине 2015-жылдын III кварталына 794367 (жети жүз токсон төрт миң сом үч жүз алтымыш жети) сом киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизилсин.
3. Бул токтомдун негизинде кабарлама,билдируу жазып Базар-Коргон райондук каржы бөлүмү аркылуу кошумча смета түзүп ФЭБнун башчысынын орун басары К. Таджибаевке милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу ФЭБнун башчысынын орун басары К. Таджибаевке тапшырылсын.
Төрага | Б. Матишев |