Загрузка документа…
ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-сентябры № 2
Талдуу-Булак айыл аймагынын Катар-Жаңгак айылына АРИС программасынын колдоосу менен спорт зал куруу жөнүндө
Талдуу-Булак айыл аймагынын Катар-Жаңгак айылына АРИС программасынын колдоосу менен спорт зал куруу проектисин ишке ашыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талдуу-Булак айыл аймагынын Катар-Жаңгак айылына АРИС программасынын колдоосу менен спорт зал куруу проектисин ишке ашыруу максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен, проектини колдоо максатында 244 миң сом, элдик салымдын эсебинен 200 миң сом акча каражаты каралсын.
2. Катар-Жаңгак айылынын жашоочуларынан жумушчу бригада уюштурулуп, проектини колдоо максатында 244 миң сомдук жумуш аткарып берүү жагы Катар-Жаңгак айылынын айыл башчысына милдеттендирилсин.
3. Талдуу-Булак айыл аймагынын Катар-Жаңгак айылына АРИС программасынын колдоосу менен спорт зал куруу проектисин ишке ашыруу жана курулуштун сапатына көзөмөл жүргүзүү максатында 3( үч) адамдан турган мониторинг жүргүзүү боюнча,жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн:
Арзыматов Төлөгөн айылдык кеңешинин депутаты,
Мониторинг тобунун төрагасы,
Арапбаев Бакыт- Талдуу-Булак айыл аймагынын
соц адиси
Маматсаев Айдарали Катар-Жаңгак айылынын
айыл башчысы
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл аймагынын башчысына тапшырылсын.
Төрага | Б. Матишев |