Загрузка документа…
ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-ноябры №
«Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн 2015-жылга түзүлгөн атайын каражат эсебинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсебинен 2015-жылдын IV кварталына «Кыргоо» айылына «Ден соолук көйгөлөрү боюнча жамааттардын аракеттери» (ДКЖА) фондусунан каржыланган таза суу долборуна кошумча келген 237,3 (Эки жүз отуз жети миң үч жүз) миң сом киреше кириштелиши боюнча Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысынын орун басары К. Таджибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Талдуу-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн айымагындагы «Кыргоо» айылына «Ден соолук көйгөлөрү боюнча жамааттардын аракеттери» (ДКЖА) фондусунан каржыланган таза суу долборуна кошумча келген 237,2 (Эки жүз отуз жети миң эки жүз) миң сомдук смета жактырылсын.
2. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсебине 2015-жылдын IV кварталына 237,3 (Эки жүз отуз жети миң үч жүз ) миң сом киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизилсин.
3. Бул токтомдун негизинде кабарлама,билдирүү жазып Базар-Коргон райондук каржы бөлүмү аркылуу кошумча смета түзүү ФЭБнүн башчысынын орун басары К.Таджибаевке милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу ФЭБнүн башчысынын орун басары К. Таджибаевке жүктөлсүн.
Төрага | Б. Матишев |