Загрузка документа…
ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жэылдын 4-декабры № 1
«Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн 2015-жылга IV кварталына түзүлгөн бюджетинин сметасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү 2015-жылга түзүлгөн киреше жана чыгаша бюджетинин сметасына өзгөртүү киргизүү жөнүндү айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүм башчысы К.Таджибаевтин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Талдуу-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезекcиз ХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бекитилген сметасынын IV кварталына каралган - 70111-разделинен “Башкаруу органы” 2232- “Электр энергиясына акы толоо” статьясынан 17,4 (он жети миң төрт жүз) миң сомго, 70821-разделинен “Китепканалар” 2215-“Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу” статьясынан 2,4 (эки миң төрт жүз) миң сомго, 70823-разделинен “Маданият сараилары жана үйлөрү,клубдар” 3112-“Машиналар жана жабдуулар” статьясынан 15,0 (он беш) миң сомго, 70911-разделинен “Мектепке чейнки билим берүү” 2232- “Электр энергиясына акы толоо” статьясынан 15,0 (он беш)миң сомго, 70921-разделинен “Орто билим берүү жалпы билим берүү” 2214-“Транспортук кызмат көрсөтүүлөр” статьясынан 7,9 (жети миң тогуз жүз) миң сомго, ” 2232- “Электр энергиясына акы төлөө” статьясынан 30,0 (отуз) миң сомго жана 3111-“Имараттар жана курулуштар” статьясынан 17,9 (он жети миң тогуз жүз) сомго баардыгы болуп 105,6 (бир жүз беш миң алты жүз) миң сомго кыскартылсын;
-70111-разделинин 2211- “Сапар чыгымына”статьясы 15,0(он беш) сомго, 2215- “Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу” статьясы 43,2 (кырк үч миң эки жүз) миң сомго баардыгы болуп 58,2 (Бир жүз жыйырма бир миң эки жүз) миң сомго,
-70821-разделинен “Китепканалар” 2121-“Социалдык фондко чегерүү” статьясынан 2,4 (эки миң төрт жүз) миң сомго,
-70911-разделине 3112-“Машиналар жана жабдуулар 45,0 (кырк беш ) миң сомго,
Баардыгы болуп 105,6 (бир жүз беш миң алты жүз) миң сомго көбөйтүлсүн
2. Бул токтом Базар-Коргон райондук каржы бөлүмү менен макулдашылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүм башчысы К.Таджибаевке жүктөлсүн.
Төрага | Б. Матишев |