Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-февралы № 28/3
Айыл өкмөттүн 2015-жылдагы бюджеттин аткарылышы жана 2016-жылга бекитүү, 2017-2018-жылдарга бюджетти болжолдуу бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөттүн 2015-жылдагы бюджеттин аткарылышынын жыйынтыгы жана 2016-жылга бюджетти бекитүү , ошондой эле 2017-2018-жылдарга бюджетти болжолдуу бекитүү жөнүндөгү айылдык кеңештин пландоо жана бюджет, социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Умаровдун маалыматын угуп жана талкуулап
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXVIII заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылда айыл өкмөттүн жалпы бюджеттин бекитилгени 7552,5 (жети миллион беш жүз элүү эки миң беш жүз сом) сомго, такталган планы 8463,3(сегиз миллион төрт жүз алтымыш үч миң үч жүз сом) миң сомго,ал эми бюджеттин чыгаша бөлүгү 8355,1 (сегиз миллион үч жүз элүү беш миң бир жүз сом) миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2016- жылга айыл өкмөттүн киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы жалпысынан 7742,2 (жети миллион жети жүз кырк эки миң эки жүз сом) миң сомго , анын ичинен теңдештирүүчү грант 6 152,2 (алты миллион бир жүз элүү эки миң эки жүз) сомго , киреше бөлүгүнө 1 440,0 (бир миллион төрт жүз кырк миң) атайын эсепке 150,0 (бир жүз элүү миң) сомго 2017- жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоор планы 7378,2 (жети миллион үч жүз жетимиш сегиз миң эки жүз сом ) миң сомго болжолдуу бекитилсин.
3. Айыл өкмөттө жайгашкан мектептердеги жана мекеме-ишканалардагы отчет-учет иштерин убагында айыл өкмөттүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана мектептердин чарбалык иштер боюнча директордун орун басарларына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин пландоо жана бюджет, социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилип, аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Ж.Өмүрзаковго жана бөлүм башчысы Б.Эрмекбаевага жүктөлсүн.
Төрага | А. Иманахунов |