Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-февралы№ 28/4
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы коомдук тартипти сактоо жөнүндө
Айыл өкмөттүн аймагындагы айылдардагы коомдук тартипти сактоо боюнча 2016-жылдын январь айындагы өткөрүлгөн элдик жыйындардын протоколдорун угуп жана талкуулап Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXVIII заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы кылмыштуулуктун алдын алуу, коомдук тартипти сактоо боюнча 2016-жылдын январь айында ар бир айылдарда өткөрүлгөн элдик жыйындардын протоколдору жактырылсын ( № 1 тиркелет).
2. Айыл аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында айылдардагы дүкөндөрдө элдик жыйындардагы элдин чечиминин негизинде спирт ичимдиктерин саттырбоо колго алынсын.
3. Элдин сунушунун негизинде спирт ичимдиктерин мыйзамсыз саткандарга 5 000 сом өлчөмүндө, кайталанса 10 000 сом өлчөмүндө айып пул салынып, ага да карабай саткандарды тиешелүү жогорку органдарга өткөрүп берүү жагы каралсын.
4. Айыл аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында айылдардагы дүкөндөрдө спирт ичимдиктерин саттырбоону көзөмөлгө алуу , спирт ичимдиктерин мыйзамсыз саткандардан алынган айып пулду өндүрүп, ар бир айылдын өзүнүн ортолук фондуна түшүрүү жагы айыл-айылдарда түзүлгөн комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
5. Коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында айылдарда тез-тез рейддерди жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн коомдук алдын алуу борборунун мүчөлөрүнө, салык инспекторуна, участкалык инспектор У. Ыдырысовго жана жаш өспүрүмдөр менен иш алып буруучу Илияз уулу Нурсултанга милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин уюштуруу-укуктук маселелер жана мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөттүн башчысы Ж.Өмүрзаковго жүктөлсүн.
Төрага | А. Иманахунов |