Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-февралы № 94
Жылалды айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Абдуллаевдин 2015-жылда аткарган иштеринин жана 2016-жылга карата милдеттери боюнча отчету
Жылалды айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Абдуллаевдин 2015-жылда аткарган иштеринин жана 2016-жылга карата милдеттери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Абдуллаевдин 2015-жылда аткарган иштеринин жана 2016-жылга карата милдеттери боюнча маалыматын канааттандыраарлык деп табылсын.
2. 2016-жылга кабыл алынган милдеттер айыл башчыларга, мекеме- уюмдардын жетекчилерине жеткирилип, толук аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Абдуллаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Акназаров |
Кыргыз Республикасынын “ 2015- жыл Улуттук экономиканы бекемдөө жылына ” жана “ 2015- жыл Ош облусунда Экспортко багытталган продукцияларды өндүрүүчүлөрдү колдоо жылына ” карата
Жылалды айыл өкмөтү, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу экономиканын өсүү темпи турукташып, негизги көрсөткүчтөр боюнча бир топ жетишкендиктер жаралгандыгын белгилейт. Айыл аймагынын өнүктүрүү стратегиясынын иш- чараларында белгиленген милдеттерди жана реалдуу сектордун активдүүлүгүн жандандырууну камсыз кылууда алгылыктуу иштер аткарылды.
2015- жылдын сугат мезгилине суу чарба обьектилерин даярдоо үчүн план боюнча бардык оңдоо жумуштарына 60,0 сом, анын ичинен каналдарды чаап тазалоого 40,0миң сом, бөлүнүп жумуштар аткарылды. 2014- жылдын күз айларында суу пайдалануучулардын суу кызмат акынын эсебинен түшкөн акча каражатына суу чарба башкармалыгы болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү
2015- жылдын сугат мезгилине даярдык көрүү үчүн өздөрүнүн техникаларынын жардамы менен Козу- Уулу каналы 3км, Атамкул каналы 2,4кмге чаап тазаланды. Суу пайдалануучулар келишим боюнча суу акыларын төлөмүнөн 32000 сом карыз.
Мал чарбасы боюнча айыл өкмөтүндө 2015-жылдын 1-январына карата
1920- баш кара мал, 3941- кой- эчки, 610- баш жылкы, 6515- үй канаттуулары жана 805-ит катталган. Мал жандыктарды ветеринардык жактан тейлөө максатында айыл аймактардын карамагында 1 ветеринардык сервис иштеп жатат. 2015-жылдын 3 айында күйдүргү ( сибир жарасы) ылаңына каршы 235- баш жылкы, 1780- баш кара мал, 3428-баш кой- эчки , 265- баш шарп ылаңына эмдөөдөн өткөрүлдү. Чечек оорусуна1200- баш кой эмделди. Бруцеллезго кара малдан кан алынып текшерүү 6 айда760-баш кара малдан алынды. Кутурма оорусунун алдын-алуу үчүн дейди, жолбун ит- мышыктар 3 айда 57- баш ит- мышыктар атылып жок болунду. 235- ит- мышыкка эмдөө жүргүзүлдү. Бүгүнкү күнгө эпизоотиялык абал туруктуу. Ветеринардык сервистин адистери эпизоотияга каршы профилактикалык иш- чаралардын аткарылышын камсыз кылуунун үстүндө иш алып барууда.
Салык боюнча – айыл аймагынын экономикасын турукташтыруу, салык жыйноо иштеринин деңгээлин жакшыртуу боюнча көрүлгөн иш- чаралардын негизинде
2015- жылдын салык жыйноо боюнча көрсөткүчтөрү райондук салык кызматы тарабынан жеткирилген болжол план –5209,9 , анык аткарылганы
-5273,6 болуп 101,2 %ке аткарылды. 63,7ашыгы менен аткарылды.
Инвестиция тартуу боюнча – айыл аймагында ички жана тышкы инвестиция тартуу аркылуу Жылалды, Красный- Маяк, Кальта, Бото- Мойнок айылдарынын ички жолдоруна жергиликтүү бюджеттин эсебинен шагыл төшөлдү. Ал эми айыл калкын таза- суу менен камсыз кылуу үчүн Жылалды айылына 460,0 миң сомго таза суу түтүкчөлөрү эскирип калгандыктан, жаңыдан суу түтүкчөлөрүн коюп Жылалды эли таза –суу менен камсыз болушту. Ошондой эле Красный- Маяк айылына дагы 435,0 миң сомдук акча каражаты бөлүнүп таза- суунун түтүкчөлөрү алмаштырылып жаңыдан коюлуп суу берилди.
Улуу Ата- Мекендик согуштун 70 жылдык майрамына карата Жылалды айыл аймагынан согушка катышкандарды эскерип туруу максатында эстелик тургузулду. Эстеликти куруу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 486,2 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
2015-2016- жылдардын күз-кыш мезгилине карата көмүр даярдоо боюнча
№ | Мекемелердин аталышы | Өлчөө брдиги | Көлөмү |
1 | А. Торогелдиев орто мектеби | Тонна | 40,0 |
2 | Жылалды | = | 40,0 |
3 | Т. Орозов | = | 41,0 |
4 | Ж. Абжапаров | = | 22,0 |
5 | Жылалды айыл өкмөтүнүн канторасы | = | 10,3
|
6 | Красный- Маяк балдар бакчасы | = | 11,0 |
7 | Красный- Маяк маданият үйү | = | 2,0 |
8 | Жылалды китепканасы | = | 3,0 |
| Жалпы жыйынтыгы | = | 169,3 |
Ушул бөлүнгөн 169,3 тонна көмүр толугу менен түшүрүлдү. Мындан тышкары карыялар, майыптар күнүнө карата 20 тонна көмүр социалдык жардам иретинде 60 адамга айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен көмүр берилди. Мектептердин кышка даярдыктары боюнча ар бир айылдын мектептерин айыл башчылар барып текшерип, от жагуучу мештерди текшерип, кышка даярдык көрүшүп текшерип келишти. Ошондой эле ар бир мектепке жылуулатыш үчүн терезелерге кленка алууга А. Торогелдиев орто мектебине - 4000 сом
Жылалды орто мектебине - 5000 сом
Т. Орозов орто мектебине - 14000 сом
Ж. Абжапаров орто мектебине - 5000 сом жалпысынан айтканда 28000 сом берилди.
Балдар бакчасына 40 000 сом көмүр алуу үчүн берилди.
Ал эми айыл аймагындагы /й- бүлөөлүк дарыгерлердин жана ФАПтардын кышка карата даярдыктары боюнча айтып өтөйүн. Аймактагы жайгашуусу боюнча биздин аймакта болгону менен чыгымдарына каражаттарды Өзгөн ЦСМден алышат.
/БД № 14 Жылалды айылында жайгашкан. Паравой менен иштейт. 14 тонна көмүр берилген. Көмүрканасы бар.
Кальта айылындагы ФАП боюнча: 3 тонна көмүр түшүрүлгөн. 2015- жылы айыл өкмөтү тарабынан буржуйка түрүндөгү печка берилген. Бир комната печка менен ысытылат.
Красный- маяк айылындагы “ Н. Арстанбеков ” атындагы ФАП боюнча:
3 тонна көмүр түшүрүлгөн, бөлмөлөрү ыссык.
Прогресс айылындагы ФАП боюнча : 3 тонна көмүр берилген.
Ал эми Жылалды айылындагы 75 орундуу балдар бакчасынын фундаменти куюулуп даяр турат. 2016- жылы 3 млн акча каражаты бөлүндү, эми курулушу башталат.
КААБ бөлүмү боюнча 2015- жыл ичинде айыл аймагындагы аксакалдар соту ишмердигин жүргүздү. 3 ар түрдүү жагдайда жасалган укук бузуулар аксакалдар сотторунун кароосуна жиберилип, чечимдер кабыл алынды.
/й- бүлөөлүк зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө - Кыргыз Республикасынын “ /й- бүлөлүк зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө” Мыйзамын аткаруу боюнча 2015- жыл ичинде бир топ иштер аткарылды. Түшүндүрүү иштери ар бир айылдын айыл башчылары менен жүргүзүлүүдө.
Жылалды айыл аймагында балдарга карата зордук зомбулукту болтурбоо үчүн комиссиянын курамы түзүлүп, иш-чара иштелип чыккан.
Балдарга карата зордук жана зомбулук мамилелердин алдын-алуу боюнча айыл Өкмөтүнүн башчысынын төрагалыгында балдар иштери боюнча комиссиянын алдында штабдар түзүлдү. Балдарга карата зордук жана зомбулук мамилелердин алдын-алуу боюнча түзүлгөн штабтын курамы иш-чараны аткаруу боюнча бир айда эки жолудан кем эмес каралып жыйынтыгы райондук штабка жиберилүүдө. Балдарга карата зордук жана зомбулук, үй-бүлөөлүк зомбулук, үй-бүлөөлүк балуулуктарды сактоо, балдарды ыймандуулукка тарбиялоо жана ата-энелердин жоопкерчилиги жөнүндөгү маселелер боюнча айылдарда, мектептерде жыйындар өткөрүлүп каралды.
Дин боюнча- мыйзам чегинде тыюу салынган диний агымдардын ишмердүүлүгүн такай көзөмөлгө алынып, иликтенип, мечиттердин имамдары менен биргеликте айыл башчылар, соц. адистер диний көз- караштарга анализ жүргүзүшүүдө. Диний мекемелердин жана анын кызматкерлеринин үстүнөн ыкчам көзөмөл иштери күчөтүлүп жүргүзүлүп, айыл өкмөтүнүн финансылык көз карандысыздыгы жогорулатууну колго алынды. Айыл аймагында 7 мечит бар.
Өнөр жай боюнча:
- Курулуш материалдарын сатуучу соода түйүндөрүн ачуу боюнча Прогресс айылында уюштурулду.
- Эскирген тирөөчтөрдү, электр линияларын алмаштыруу жана бөлүштүрүүчү түйүндөрдү модернизациялоо боюнча иш жүргүзүлдү.
- Өндүрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана электр энергиясы менен камсыздаган инфраструктураны жакшыртуу үчүн жогорку вольттуу линияларды жана подстанцияларды куруу жана айыл аймагындагы подстанцияларды РЭСтин балансысына өткөрүү үчүн иш аракеттер жүргүзүлүп жана Красный- Маяк айылынан -2, Прогресс айылынан 3 трансфарматорлор РЭСтин балансысына өткөрүлүп берилди.
Социалдык абал боюнча- мамлекеттик жөлөк пул боюнча 2015- жыл
ичинде 232 үй- бүлөөгө жөлөк пул чегерилген. Бир айга чегерилүүчү сумма 123,0 - миң сомду түзөт.
Социалдык жөлөк пул алуучулардын түрү боюнча, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын саны – 73, ВИЧ- СПИД оорусу менен ооруган балдардын саны -1, томолой жетим балдардын саны-9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009- жылдын 22- декабрындагы “ Жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндөгү ” № 795 токтомуна ылайык 2015-жылдын 1-кварталына карата категориялар боюнча атуулдар 133,0 миң сом акчалай компенсацияларын алып келишүүдө. Бул категориялар боюнча ай сайын акчалай компенсациялар байланыш бөлүмдөрү жана банктар аркылуу төлөнүп келүүдө. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы карыяларга жана 1- группадагы инвалиддерге 20 тн көмүр таркатылып берилди. Оорукчан тургундарга 15,0 миң сомдук материалдык жардам берилди. Жылалды айылынан 2 балага күбөлүк алынып берилди.
Бир айга пенсия- 2480,0 сом , пособия - 535,0 миң сом берилет. Бул пособия жалпысынан инвалиддерге берилген сумма менен кошулганда ушунча суммага барат.
Элдик кол өнөрчүлөрдүн чеберлеринин көргөзмөсүн, сатылуучу дүкөндөрүн уюштуруу, кыргыз элинин үрп- адатын жана салттарын көрсөтүү үчүн конкурстарды уюштуруу. Бул иш чара боюнча Айылдар арасында “ Мыкты кайнене” жана “ мыкты келин” аттуу конкурс уюштурулду.
Жылалды айыл өкмөтүнүн башчысы:- Р. Абдуллаев.
№ | Аткарылуучу милдеттер | Чаралар аракеттер | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуулар аткаруучулар | күтүлүүчү жыйынтык
|
1 | Дрендерди тазалоо | 6,5 км аралыкта дрендерди тазалоо | 01.02.2016ж | СПА Жылалды, айыл өкмөтү | 01.02.2016ж жазгы талаа иштери аяктаганга чейин |
2 | Жылалды айылына таза суу чыгаруу үчүн | Жылалды айылына 300 метр аралыкта таза суу чыгарылат | Жыл ичинде | Айыл өкмөтү | Жыл ичинде |
3 | Жылалды айылындагы балдар бакчасын бүткөрүү | 75 орундуу балдар бакчасы бүткөрүлөт | Жыл ичинде | Респ. Бюдж. | Жыл ичинде |
4 | Красный- Маяк айылына таза суу чыгаруу үчүн | Красный- Маяк айылына 1500 метр аралыкта таза суу чыгарылат | Жыл ичинде | Айыл өкмөтү | Жыл ичинде |
5 | Прогресс айылындагы жаңы конуштагы атуулдарга трансфарматор коюуу жана жаштар үчүн спорт полщадкасын куруу | Прогресс айылындагы жаңы конуштагы атуулдарга трансфарматору коюлат жана жаштар үчүн спорт площадкасы курулат. | Жыл ичинде | Айыл өкмөтү | Жыл ичинде |
6 | Айылдык китепкананын имаратын оңдоо | Айылдык китепкананын имараты толугу менен жаңыдан курулат | Жыл ичинде | Айыл өкмөтү | Жыл ичинде |
7 | Красный- Маяк айылындагы Заргер дарыясынын дамбаны улантуу | Красный- Маяк айылындагы Заргер дарыясынын дамбасы толук бүтпөгөндүгүнө байланыштуу дамба улантылат | Жыл ичинде | МЧС | Жыл ичинде |
8 | А. Төрөгелдиев атындагы орто мектебинин курулушун бүткөрүү | А. Төрөгелдиев атындагы орто мектебинин курулушу бүткөрүлөт | Жыл ичинде | Респ. Бюдж. | Жыл ичинде |