Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-сентябры № 26/1
Өзгөн шаарынын бюджетинин 2016-жылдын 6 айы ичинде аткарылышы жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXVI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген «Өзгөн шаарынын бюджетинин 2016-жылдын 6 айындагы аткарылышы» жөнүндөгү маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) «Бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде жана каржы бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Р. Мейматкуловдун отчетун угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин 2016-жылдын 6 айындагы аткарылышы жөнүндөгү Өзгөн шаардык каржы бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Р. Мейматкуловдун отчету сессиянын отурумунун жүрүшүндө айтылган сын-сунуштарды эске алуу менен канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Бюджеттин киреше бөлүгүн сапаттуу аткарылышын камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги менен жыл ичинде тактоо иштерин жүргүзүү жана бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча ишти дайыма көзөмөлдөп туруу жагы Өзгөн шаардык каржы бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Р. Мейматкуловко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.А. Насиров |
Өзгөн шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2016-жылдын 1-жарым жылдыгынын аткарылышы боюнча Маалыматы |
Урматтуу Абдулфаттах Абдулхафизович! Урматтуу депутаттар! Урматтуу бүгүнкү сессиянын катышуучулары! Уруксат берсеңиздер шаардык бюджеттин 1-жарым жылдыгына карата аткарылышы боюнча маалымат берип өтөйүн.
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой 2016-жылдын жергиликтүү бюджети киреше жана чыгашалары 74174,6 миң сом өлчөмүндө шаардык Кеңештин ХXIII-сессиясында №23-2 токтомуна ылайык бекитилген.
|/стүбүздөгү жылдын 6-айында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү атайын каражаттарды кошуп эсептегенде 110,9 % аткарылды. Башкача айтканда план тапшырма 38309,7 миң сом болсо, аныгында 42483,0 миң сомго аткарылып 4173,3 миң сомго ашыкча акча каражат жыйналды. Бул көрсөткүч өткөн 2015-жылга салыштырмалуу 3354,8 миң сомго ашыкча, же болбосо өсүү темпи 108,6 % камсыз болду.
Ал эми салык жана салык эмес төлөмдөрдүн түрлөрү боюнча анализдеп көрсөк милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын планы 933,4 миң сом болсо, аныгында 1197,9 миң сомго аткарылып, план 128,3% түздү, ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктын планы 11886,0 миң сом болсо, аныгында 12785,4 миң сомго аткарылып, план-тапшырма 107,7% туздү физикалык жактардан алынуучу жер салыгын планы 959,3 миң сом болсо, аныгы 1515,7 миң сомго аткарылып, план 158 % түздү, айыл чарбасына жарактуу жер салыгын планы 2,8 миң сом болсо, аныгы 34,3 миң сомго аткарылды, айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын планы 1455,0 миң сом болсо, аныгы 1739,6 миң сомго аткарылып, план 119,6 % түздү, сатуудан алынуучу салыктын планы 5568,4 миң сом болсо, аныгы 5222,7 миң сомго аткарылып, план 93,8 % түздү, жер үчүн ижара акы 918,6 миң сом болсо, аныгы 977,1 миң сомго, башкача айтканда 58,5 миң сомго ашыкча аткарылып, план 106,4 % түздү, автоууналарды парковкалоо жыйымы планы 136,6 миң сом болсо аныгы 315,7 миң сомго аткарылып, план 231,1 % тңздң, мамлекеттик пошлина 181,9 % аткарылды, атайын каражаттардын планы 2644,6 миң сом болсо, аныгында 2723,0 миң сомго аткарылды, административдик айып акылардан 452,8 миң сом түштү.
Бирок шаардык бюджеттин киреше бөлүгүнүн ашыкча аткарылгандыгына карабастан, каржы министирлиги тарабынан план тапшырманын ашыкча жеткерилгендигине байланыштуу, үстүбүздөгү жылда көпчүлүк салык төлөөчүлөр патент системасына өткөндүгүнө байланыштуу бирдиктүү салыктын план тапшырмасы 131,6 миң сомго аткарылбай калды
Урматтуу депутаттар, сессиянын катышуучулары!
Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө токтолуп өтсөм, 2016-жылдын 6-айынын план тапшырмасы атайын каражаттарды кошпой эсептегенде 35965,1 миң сом болсо, аныгында 33222,0 миң сомго аткарылып, план тапшырма 92,4 % аткарылды, айырма -2743,1 миң сомду түздү.
Анын себеби титулдук тизмеге ылайык аткарылуучу жумуштар негизинен июль айынан башталды.
Жалпы чыгашалар шаар мэриясына 3491,7 миң сом каралган болсо, аныгында 2740,9 миң сомго аткарылып, айырмасы - 750,8 миң сомду, шаардык Кеңешке 366,8 миң сом каралган болсо, аныгында 339,3 миң сомго аткарылып, айырмасы - 27,5 миң сомду, МММБ департаментине 21869,9 миң сом каралган болсо, аныгында 21743,2 миң сомго аткарылып, айырмасы - 126,7 миң сомду, балдардын эс алуу багына 436,2 миң сом каралган болсо, аныгында 417,4 миң сомго аткарылып, айырмасы - 18,8 миң сомду, маданият үйүнө 390,4 миң сом каралган болсо, аныгында 354,4 миң сомго аткарылып, айырмасы - 36,0 миң сомду, дене тарбия жана спортко 300,0 миң сом каралган болсо, аныгында 250,3 миң сомго аткарылып, айырмасы - 49,7 миң сомду, билим берүү бөлүмүнө 3591,6 миң сом каралган болсо, аныгында 2755,1 миң сомго аткарылып, айырмасы -836,5 мин сомго унөмдөлдү, шаардык социалдык коргоо башкармалыгына 2543,3 миң сом каралган болсо, аныгында 1911,0 миң сомго аткарылып, айырмасы -632,3 миң сомду түздү.
Статьялар боюнча ала турган болсок 2016-жылдын 1-жарым жылдыгында эмгек акы статьясы 4665,5 миң сомго, соц фондго чегерүүгө 656,3 миң coмго, сапардык чыгымдарга 331,2 миң сомго, сууга болгон төлөмгө 125,0 миң сом электр энергиясына төлөмдөр 1945,0 миң сомго, жылуулук энергияга болгон төлөмдөргө 150,0 миң сомго, байланыш кызматтарына 121,9 миң сом, транспорттук чыгымдарга 140,5 миң сом, тамак аш үчүн төлөмдөргө 991,4 миң сом, жабдууларды сатып алууга 200,0 миң сом, чарбалык чыгымдарга материал сатып алууга 451,8 миң сом, өкүлчүлүк үчүн чыгашага 71,5 миң сом, башка кызматтар учун төлөмдөргө 22739,6 миң сом, резервдик фондго 350,0 миң сом, элге кайтарымсыз жардам көрсөтүүгө 50,0 миң сом, элге жеңилдиктер үчүн 227,3 миң сом, атайын каражаттар 2354,2 миң сомго аткарылган.
Өзгөн шаардык каржы бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу |
Р. Мейматкулов |