Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-сентябры № 26/2
«Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин 2015-жылда жана 2016-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери жөнүндө»
Өзгөн шаардык кеӊешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXVI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеӊешинин (V чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин 2015-жылда жана 2016-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери канаттандыраарлык деп табылбагандыгы белгиленсин.
2. Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин 2015-жылда жана 2016-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери боюнча депутаттар тарабынан айтылган сын-пикир, сунуштар жана жол коюлган кемчилдиктерди жоюу боюнча тиешелүү чараларды көрүү Өзгөн шаарынын мэри C. Пратовко тапшырылсын.
3. МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу М. Макешовко:
- МММБ департаментине караштуу бөлүмдөрдө (көрктөндүрүү, энергетика, курулуш ж.б.) отчет иштерин өзүнчө жүргүзүүнү жолго коюу
- муниципалдык менчиктеги жерлердин ижара акысы элге жеткиликтүү даражада болушу үчүн, 2016-жылдын 15-октябрына чейин тариф саясатын кайрадан карап чыгуу
- муниципалдык мүлк жана жерлердин реестрин так жүргүзүү жана муниципалдык бош жер участкаларына (айрыкча талаш жерлерге) мамлекеттик акт алып, муниципалдык мүлк реестрине киргизүү
- элден түшкөн арыз-даттанууларга мыйзамдарда көрсөтүлгөн мөөнөттө, өз убагында жооп берүү милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеӊешинин (V чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.А. Насиров |
Өзгөн шаардык кеӊешинин 2016-жылга карата иш планына ылайык Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин 2015-жылда жана 2016-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан текшерилди.
Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин 2016-жылга түзүлгөн штаттык бирдигинин негизинде 10 киши эмгектенет, анын ичинен 2 техникалык жана кенже кызматкер бар. Ар бир адис функционалдык милдеттерин аткарат, эмгек стажы 1 жылдан 10 жылга чейин, орточо эмгек акысы 6803 сомду түзгөн. Кызматкерлердин натыйжалуу эмгектенүүсү үчүн жетиштүү шарттар түзүлгөн, ишкананын аталышы, иштөө тартиби илинген эмес.
Бир жылдык эмгек акы фондуна 952427 сом бөлүнгөн. Андан сырткары 21 кварталдык комитеттин төрагаларынын 1 жылдык эмгек акы фонду 1470,0 миӊ сомду түзөт.
Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин 2015-жылда шаарды көрктөндүрүү, инфраструктурасын жакшыртуу, бюджеттик мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыӊдоо аткарган иштери боюнча маалымат Жалпысынан 2015-жылдын ичинде шаарда аткарылуучу жумуштардын титулдук тизмесинин негизинде 35625,0 миӊ сом сарпталды. 329 даана темир бетон столбалары сатып алынып көчөлөргө орнотулду.Ленин көчөсүндөгү 384 метр аралыктагы (Гагарин көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки аралык) жолду асфальттоо үчүн 1 800 000 сомго жана Наваи көчөсүндө 777 метр аралыктагы жолду асфальттоо 4 000 000 сомго тендер жарыяланып, жыйынтыгында 5 699 774 сом менен ОсОО “Токошев” женүүчү деп табылып, Ленин көчөсүнүндөгү 384 метр аралыкты жана Навои көчөсүндүгү жолдун 777 метр аралыгын асфальттоо аягына чыгарылды. Ленин көчөсүндөгү иштер үчүн 1 млн.694 мин сом, Навои көчөсүндөгү иштер үчүн 4 млн 62 мин 474 сом каржыланды. Андан сырткары Навои көчөсүндөгү трубаларды жанылоого 21000 сом, эски мамычаларды чыгарып, жанысын орнотуу жана электр өткөргүчтөрдү монтаждоо үчүн 11700 сом жумшалды.
1.Өзгөн шаарынын аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу багытында Экофонддон 350 түп крым соснасы, 100 түп ак кайыӊ, 175 каштан декоративдүү дарактары алынып эгилди.
2.Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигине берилген заявканын негизинде шаардагы айланма 3,8 км жолдорду асфальттоо боюнча тендер жарыяланып, 21-июль күнү өткөрүлдү.
1-лот Гагарин көчөсүнүн(Мирзарахимов көчөсүнөн Набиев көчөсүнө чейын) 1238 метр аралыгына асфальт жаткыруу-8154706 сом,
2-Лот А. Набиев көчөсүнүн (РЭСтан баштап акырына чейын)699 метр аралыгына-5138341 сом,
3-Лот Маллабеков көчөсүнүн (А.Темур көчөсүнөн Манас көчөсүнө чейын) 860 метр аралыгына-5604620 сом, шаардагы көчөлөргө шагыл төшөөөгө, тегиздөө жана асфальттоого жалпысынан 7098,6 миӊ сом акча каражаты каржыланды. Шаарыбызды көрктөндүрүү максатында 2015-жылда 573 түп можжевельник көчөтү 196 миӊ сомго,
4-Лот Сельская көчөсүнүн (Янги-Абад көчөсүнөн Новкат көчөсүнө чейын) 1003 метр аралыгына-7252185 сомго тендер жарыяланып, тендердин жыйынтыгы менен ОсОО”Токошев” жоопкерчилиги чектелген коому менен 19мл.929 мин 900 сомго келишим тузулду жана аталган көчөлөрдөгү жолдорду асфальтто иштери аягына чыгарылып шаар күнүнө карата ачылуу аземдери өткөрүлдү.
2015-жылда 136 коммерциялык ижарачылар менен келишим түзүлгөн. 6 айлык ижара акысынын планы 705504 сом болсо, 6 айда 655347 сом киреше түшкөн же болбосо план 46,2 пайызга аткарылып, 50157 сом өнбөй калган. Рекламалык щиттерди ижарага берүү боюнча 2016-жылда 15 келишим түзүлгөн. Алардын ижара акысына 71028 сом пландаштырылган болсо, 6 айда ижара акыдан 53706 сом түшкөн. Автоунаа токтоочу жайларды ижарага берүү боюнча 2016-жылдын 6 айында 15 келишим түзүлгөн, алардын жалпы аянты 6243,4 м2 түзөт. Алардын ижара акысына 6 айда 335748 сом пландаштырылган болсо, 6 айда ижара акыдан 268471 сом түшкөн. Жашылдандыруунун планы 81000 сом болсо, 6 айда 45442 сом түшкөн. Жалпысынан жерди ижарага берүүдөн бюджетке 1022966 сом каражат түшкөн же болбосо план 85,7 пайызга аткарылып, өнбөгөнү 170314 сомду түзгөн.
МММБ департаментинин сметасынын чыгаша бөлүгүнө 2015-жылда (атайын каражаттарды кошпогондо) 42072,7 миӊ сом каралган болсо, жалпысынан 42072,7 миӊ сом каржыланган.анын ичинен титулдук тизмедеги иштерди аткаруу үчүн 35625,0 миӊ сом каржыланган.
2016-жылда 136 коммерциялык ижарачылар менен келишим түзүлгөн. 6 айлык ижара акысынын планы 705504 сом болсо, 6 айда 655347 сом киреше түшкөн же болбосо план 46,2 пайызга аткарылып, 50157 сом өнбөй калган. Рекламалык щиттерди ижарага берүү боюнча 2016-жылда 15 келишим түзүлгөн. Алардын ижара акысына 71028 сом пландаштырылган болсо, 6 айда ижара акыдан 53706 сом түшкөн. Автоунаа токтоочу жайларды ижарага берүү боюнча 2016-жылдын 6 айында 15 келишим түзүлгөн, алардын жалпы аянты 6243,4 м2 түзөт. Алардын ижара акысына 6 айда 335748 сом пландаштырылган болсо, 6 айда ижара акыдан 268471 сом түшкөн. Жашылдандыруунун планы 81000 сом болсо, 6 айда 45442 сом түшкөн. Жалпысынан жерди ижарага берүүдөн бюджетке 1022966 сом каражат түшкөн же болбосо план 85,7 пайызга аткарылып, өнбөгөнү 170314 сомду түзгөн.
2016-жылдын титулдук тизмесинде каралган иштерден 2016-жылдын 12-августуна чейин 23498,1 миӊ сомдук иш аткарылган, 23378,6 миӊ сом каржыланган. Аткарылган иштерден карыз 16514,9 миӊ сомду түзгөн. Ал карыздар шаардын көчөлөрүн асфальттоодон 10174,3 миӊ сом, 2015-жылда аткарылган жумуштардан 3805,7 миӊ сом жана башка карыздар 2534,9 миӊ сомду түзгөн. Титулда каралган кээ бир иштерди аткарууга каралган каражаттардан 666,2 миӊ сомго ашыкча иш аткарылган. Анын ичинен: шаардын ирригациялык тармагын оӊдоп түздөөгө титулда 1110,0 миӊ сом каралган болсо, аныгында 1341,0 миӊ сомдук иш аткарылган же болбосо титулда каралгандан 231,0 миӊ сом ашыкча иш аткарылган, долбоорлор менен иштөөгө колдоо көрсөтүүдөн 94,4 миӊ сом, “Ай-Шооласы” балдар бакчасынын канализациясын ремонттоо жана тротуарларын оӊдоодон 269,7 миӊ сом жана башка иштерден 71,1 миӊ сом ашыкча иш аткарылган.
Шаардын көчөлөрүн асфальттоого 22991,5 миӊ сомго смета даярдалып, тендердин жыйынтыгы менен 13239,0 миӊ сомго МММБ департаменти тарабынан иш аткаруучулар менен келишим түзүлгөн. Волков, Панфилов, Токтогул көчөлөрүндөгү асфальттоо иштери үчүн төлөөнүүчү каражаттын 50 пайызын 2016-жылда, 50 пайызын 2017-жылда иш кабыл алынгандан кийин төлөө келишимде көрсөтүлгөн жана ал 50 пайыз каражаттар төлөп берилген. Асфальттоо боюнча жалпы аткарылган иштерге 3064,7 миӊ сом төлөп берилген, калган 10173,0 миӊ сом карызды 2017-жылда төлөө боюнча иш аткаруучулар менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн. Ленин көчөсүндөгү жолдун 250 метр аралыгын (Кошиев көчөсүнүн кесилишинен баштап Манас көчөсүнүн кесилишине чейин), Бегелдинов көчөсүндөгү жолдун 600 метр аралыгын, Б. Мирзо көчөсүндөгү жолдун 600 метр аралыгын асфальттоо иштери каржы булактары такталбастан аткарылып, натыйжада 2017-жылга карыз пайда болгон.
Шаарды көрктөндүрүү максатында жеке ишкер Мадрахимов Ю. менен түзүлгөн келишимдин негизинде 800 даана можжевельник көчөтү 240,0 миӊ сомго сатып алынган. Шаар мэринин 2016-жылдын 23-мартындагы №75 буйругу менен шаардагы отургузулган көчөттөрдү текшерүү боюнча түзүлгөн комиссиянын текшерүүсүнүн жыйынтыгында 322 можжевельник көчөттөрү куурап калгандыгы аныкталган. Куурап калган көчөттөрдүн 150 даанасын 2017-жылда төлөп берүү жөнүндө жеке ишкер Ю. Мадрахимов 2016-жылдын 25-апрелинде гарантиялык кат берген.
Өзгөн шаардык кеӊешинин 2015-жылдын 20-августунда өткөн кезектеги XX ачык сессиясынын токтому менен тарифтер элге жеткиликтүү болушу үчүн, 2015-жылдын 1-декабрына чейин тариф саясатын кайрадан тактап чыгуу МММБ департаментине милдеттендирилген. Өзгөн шаардык кеӊешинин 2016-жылдын 30-мартында өткөн кезектеги XXIII сессиясына жерди ижарага берүүдө колдонулуучу коэффиценттер МММБ департаменти тарабынан толук иштелип чыкпаган вариантта сунушталган, алардын берген сунушу өткөн сессияда бекитилген коэффиценттерге салыштырмалуу бир аз өзгөргөндүгүн эсепке алып, коэффиценттер алардын берген сунушунун негизинде XXIII сессияда бекитилген, бирок азыркы күндө ижара акыларынын жогорулугу боюнча нааразычылыктар болуп жатат. Ошондуктан ижара акынын тарифин элге жеткиликтүү болушу үчүн МММБ департаменти тарабынан бул коэффиценттер көп критерийлерди эсепке алуу менен кайрадан такталып, шаардык кеӊештин сессиясында бекитүү үчүн сунушталышы керек.
Ошол XX сессияда муниципалдык жерлердин реестрин так жүргүзүү жана муниципалдык бош жер участкаларына (айрыкча талаш жерлерге) мамлекеттик акт алып, муниципалдык мүлк реестрине киргизүү милдеттендирилген. Азыркы күндө муниципалдык мүлктөрдүн жана жерлердин тизмесине 64 обьект киргизилген, муниципалдык бош жер участкаларына мамлекеттик акт алуу иштери жүргүзүлүп жатат.
Элден түшкөн арыз даттанууларга мыйзамдарда көрсөтүлгөн мөөнөттө, өз убагында жооп берүү милдеттендирилген, бирок ушул күндө да түшкөн арыз даттанууларга мыйзамдарда көрсөтүлгөн мөөнөттө, өз убагында жооп берилбей жаткандыгы боюнча нааразычылыктар бар.
Өзгөн шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүү жана жеке ээлик кылуу укугун ыйгаруу боюнча түзүлгөн комиссиянын 2016-жылдын 12-мартында өткөн отурумунда 83 арыз каралган. Бош турган жерлерге контейнер коюп убактылуу пайдалануу, бош турган жерлерди жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, аялдамаларды убактылуу пайдалануу, пайдаланып турган жеринин мөөнөтүн узартуу жана алдынан жер кошуп берүү, мурдатан өздөрү пайдаланып келген жерин тике сатып алуу, үйүнүн алдындагы жерди убактылуу пайдалануу, жарнамалык щиттерди орнотуп убактылуу пайдалануу, аттракциондорду орнотуп пайдалануу жана башкалар жөнүндөгү арыздар каралган. Комиссиянын 2016-жылдын 3-июнунда өткөн отурумунда 44 арыз каралган. Комиссиянын отурумунда жерди убактылуу пайдалануу боюнча макулдук берилип, чечилген маселелерге МММБ департаменти менен келишимдер түзүлгөн.
МММБ департаментинин сметасынын чыгаша бөлүгүнө 2016-жылдын 6 айында (атайын каражаттарды кошпогондо) 21869,9 миӊ сом каралган болсо, жалпысынан 21743,2 миӊ сом каржыланган же болбосо 126,7 миӊ сом үнөмдөлгөн. /нөмдөлгөн каражаттар: 11,1 миӊ сом сапар чыгымдарынан, 71,1 миӊ сом транспорт чыгымдарынан, 19,1 миӊ сом титулда каралган иштерди аткаруудан, 25,0 миӊ сом коммуналдык кызматтардан (электроэнергия).
Ишканада кирген, чыккан документтерди каттоочу китептери ачылган. 2016-жылдын 6 айы ичинде 404 кат келип түшкөн, анын 343 жооп берилген, 4 арызды ээлери кайтарып алды, 9 арыз ээлери өз убагында телефонуна жооп бербегендиктен берилбей турат, 32 арыз комиссиянын кароосуна берилген, 14 арыз аткарууда турат. Ишкана тарабынан 535 кат чыгаша болгон.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча комиссия мүчөлөрүнүн сунушу:
«Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы: Мүчөлөрү: |
А. Маткабылов Б. Шамиева Х. Абдурахманов А. Мамазаитов А. Кахаров |